Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Отурумда алгач 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылга карата аткарылган иштери тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы угулду.
Мамлекеттик стратегия – 13 стратегиялык багытты жана 137 коррупцияга каршы иш-чараларды камтыган системдүү чаралардын комплексин түзөт, анда 40ка жакын мамлекеттик орган негизги аткаруучу болуп аныкталган. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылдын ичиндеги ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын бул багыттагы ишмердүүлүгү белгиленди.
Андан соң отурумдун катышуучулары Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун карап, талкуудан соң бекитип беришти. Чечимдин максаты – Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу.