Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуттук илимдер академиясында Үй-бүлө кодексин өзгөртүү талкууланды

Улуттук илимдер академиясында Үй-бүлө кодексин өзгөртүү талкууланды

Улуттук илимдер академиясынында Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Бул иш-чара III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырмага ылайык уюштурулуп, үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган мыйзамдык чараларды талдоону көздөдү.

Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров баштаган мамлекеттик органдар, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Министр жаңы кодекс заманбап талаптарга жана улуттук баалуулуктарга шайкеш келиши керектигин белгиледи.

Жаңы документте “салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар” жана “үй-бүлөлүк милдеттер” сыяктуу түшүнүктөр киргизилип, бала жөнүндө кодексти кайталаган беренелер алынып салынганы айтылды.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар мыйзамдык өзгөртүүлөрдү үй-бүлөнү, балдарды жана коомду коргоого багытталган маанилүү кадам катары баалашты. Май айынын аягына чейин документ боюнча сунуштар кошумча каралып, жумушчу топ тарабынан жыйынтык чыгарылат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар