Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда имамдарга стипендия бериле баштады

Кыргызстанда имамдарга стипендия бериле баштады

Кыргызстанда имамдарга ай сайын 8000 сом өлчөмүндө стипендия төлөнө баштады. Бул тууралуу Муфтият маалымат таратып, стипендиянын максаты  дин кызматкерлерин колдоо, диний билим берүүнү жана коомдогу туура диний түшүнүктү бекемдөө экенин белгиледи.

Муфтият билдиргендей, бул колдоо жөн гана материалдык жардам эмес, имамдардын коомдогу ролун таанып, алардын эмгегин баалоо катары каралууда.

«Имамдын тили – элдин руханий абалын өзгөртөт, үгүтү – тынчтыкты сактайт, көз карашы – жаштарга багыт берет. Бул кадам радикалдуу идеологиялардын алдын алып, салттуу ислам баалуулуктарын өнүктүрүүгө өбөлгө болот», – деди муфтий Абдулазиз Закиров.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар