“Мемнон колоссдору” гиганттык статуяларына кайрадан жүз берилди

Египеттин Луксор шаарында гиганттык статуялар — “Мемнон колоссдору” реставрациядан өткөрүлдү. Алар Аменхотеп III фараондун храмын коргоп турган гиганттык таш статуялар болуп эсептелет жана дээрлик 3500 жыл бою бул жерди көзөмөлдөп келген.

Убакыт, табигый кырсыктар жана жер титирөөлөр натыйжасында колоссдордун жүзү дээрлик жок болгон. Реставрация иштери 20 жылга созулуп, статуялар толук калыбына келтирилди. Ар бир статуянын бийиктиги болжол менен 15 метр, салмагы 700 тоннага жетет.

Проекттин жетекчиси Хуриг Сурузиан реставрацияны аткарган адистердин максаты — тарыхый жана маданий мурастын маанилүү бөлүгүн сактоо экенин белгиледи. Египет бийлиги маданий мурастарды сактоо иштерин колдоп келет. Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрында Гизада, Хеопс пирамидасынын жанында, Дүйнөдөгү эң ири Египет музейи ачылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз