Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Айбек Маткаримов саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары болуп, андан сырткары Бакытбек Кыдыралиев жана Рысбек Сыдыгалиев министрдин орун басары болуп дайындалышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, 15-декабрь министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аларды эмгек жааматы менен тааныштырды.
Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Кесиби боюнча дарыгер жана бир катар медициналык мекемеде иштеген.
Белгилей кетсек, 1- декабрда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди кызматттан алып, ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыкты жетектеп келген Каныбек Досмамбетовду дайындаган болчу.


