Бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салттары, көчмөн жашоо образы жана бай маданий мурасы көрсөтүлдү. Ардактуу меймандарды кыргыздын музыкалык жана поэтикалык өнөрүн даңазалаган төкмө акындар тосуп алышты.
Программанын негизги бөлүгү көчмөн цивилизациянын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган интерактивдүү көрсөтүүлөргө арналды. Анда боз үй турмушу, кол өнөрчүлүк устаканалары тааныштырылып, усталар териден жана темирден жасалган буюмдарды даярдоонун ыкмаларын көрсөтүштү.
Маданий иш-чара салттуу оюн-зооктор менен жыйынтыкталды. Атап айтканда, жаа атуу, бүркүт салуу жана тайган иттердин жарышы көрсөтүлүп, кыргыз элинин улуттук спорттук жана аңчылык салттары чагылдырылды.
Бул жолугушуу Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытуу менен катар, маданий мурастарды жайылтуу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
