Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятБелгилүү азербайжандык жазуучу Анар Рзаев “Ысык-Көл форумуна” катышат

Белгилүү азербайжандык жазуучу Анар Рзаев “Ысык-Көл форумуна” катышат

Белгилүү азербайжандык жазуучу, түрк дүйнөсүнүн аксакалы Анар Рзаев жакын арада өтө турган “Ысык-Көл форумуна” катышууга макулдугун берди. Мындай маалымат менен Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бөлүштү.

Ал буга чейин Чыңгыз Айтматов менен достук байланышта болуп, анын үзөңгүлөшү катары белгилүү. Койчиев жазуучу менен мурда Алматы жана Ташкент шаарларында жолугуп жүрсө, бул жолу Баку шаарында, Азербайжан Жазуучулар союзунун тарыхый имаратындагы иш кабинетинде жолугушканын билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар эркин маектешип, Айтматов тууралуу эскерүүлөр айтылган. Анар Рзаев кыргыз классигинин сүрөтүн көрсөтүп, анын чыгармаларына жазган баш сөзү жана бул кабинетке көп ирет келген учурлары тууралуу айтып берген.

Ошондой эле жолугушууда өзгөчө учур орун алган. Койчиевдин айтымында, ага “Азербайжан Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү” наамы ыйгарылып, күбөлүк жазуучунун өз колу менен тапшырылган.

Мындан тышкары, Анар Рзаев “Ысык-Көл форумуна” келип, сөз сүйлөп берүүгө чакыруу алган. Ал бул сунушту кабыл алып, форумга катыша турганын билдирген.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар