whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАдылбек Касымалиев «Мыкты айыл өкмөттөрүнө» акчалай сертификаттарды тапшырды

Адылбек Касымалиев «Мыкты айыл өкмөттөрүнө» акчалай сертификаттарды тапшырды

«Ынтымак Ордодо» «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, өлкө президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы этабы башталган.

«Мыкты айыл өкмөтүн аныктоо боюнча сынак 2013-жылдан бери мамлекет башчынын тапшырмасы менен өткөрүлүп, 2023-жылы айыл өкмөттөрдүн ишин баалоо критерийлери өзгөртүлүп, байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн. Бул өзгөртүүлөр айыл өкмөт башчыларынын демилгелерин жана ар кандай жергиликтүү долбоорлорду колдоодо маанилүү кадам болуп саналат», — деди Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, сынактын алкагында айыл өкмөттөрү эки топко бөлүндү: биринчи топ – алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айыл өкмөттөрү, экинчи топ – биринчи топко кирбеген бардык айыл өкмөттөр.

Биринчи тайпада жеңүүчүлөр: 1-орун – Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтү (3 млн сом), 2-орун – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү (2 млн сом), 3-орун – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү (1 млн сом).

Экинчи тайпада жеңүүчүлөр: 1-орун – Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү (3 млн сом), 2-орун – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү (2 млн сом), 3-орун – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтү (1 млн сом).

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар