Башкы беткеРубрикаларДен соолукСаламаттык сактоо мекемелери ургаалдуу курулууда

Саламаттык сактоо мекемелери ургаалдуу курулууда

Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирип, бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү дагы жылдын жылга өсүп жатканын кошумчалады.

«Мындан 5 жыл мурда, коронавирус Кыргызстанды каптаганда, биздин медицинанын күчү сыналган. Пандемиянын кесепети келечек үчүн көп сабак берди. Андан бери 5 жыл өттү, Кыргызстан өнүгүүгө карай багыт алып, бардык тармактарда өзгөрүүлөр болууда. Медицина да четте калган жок. Көп нерсе акырындап оңолуп, жаңыртылып келе жатат.

Мамлекет саламаттыкты сактоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаты дагы жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалы:

  • 2021-жылы 26, 3 млрд сом;
  • 2024-жылы 42 млрд сом;
  • 2025-жылы 49,6 млрд сом.

Бул жөн эле сандар эмес, ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө жакшы, сапаттуу медициналык жардам алышы керек деген максат.

Быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат:

  • Бишкекте – 5;
  • Ош облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ысык-Көлдө – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 1.

Президент Садыр Жапаров жарлыгы менен бекиткен Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн Улуттук программасында саламаттык сактоо тармагы терең талдоого алынып, негизги көйгөйлөр так аныкталып, медициналык тил менен айтканда туура “диагноз” коюлган. Мамлекет саламаттык сактоону комплекстүү өнүктүрүүгө багыт алды. Мурдагыдай кай жерде проблема жаралса, ошондо гана медицинаны эстебестен, эми системалуу иш жүрөт. Улуттук программада саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, алардын, айрыкча тоолуу, климаттык шарты катаал, алыскы, жана барууга кыйын аймактардагы амбулаториялык, алдын алуу мекемелерин куруу, абалын жакшыртуу милдети даана белгиленген.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар