whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖемиштүү мамлекеттик визит жогорку деңгээлдеги ынак мамилелерге өбөлгө

Жемиштүү мамлекеттик визит жогорку деңгээлдеги ынак мамилелерге өбөлгө

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин Душанбе шаарындагы эстелигине гүлчамбар койду.

Андан соң «Улут сарайынын» аянтында Президент Садыр Жапаровдун Президент Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тараптар өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп жактуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Тет-а-тет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышты. Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамилелери, ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты.

Президенттердин жолугушууларынын жыйынтыгында президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле соода, билим берүү, өнөр жай, туризм жана башка көптөгөн маанилүү багыттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин камтыган бир катар документтерге кол коюлуп, алмашылды.

Мамлекет башчылары видео-байланыш режиминде Ош облусундагы “Карамык” жана “Бордөбө” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышты.

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров «Эгемендүүлүк сарайында» Кыргызстан менен Тажикстандын инвестициялык жана экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Ага эки өлкөнүн 500гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында эки мамлекеттин бизнес түзүмдөрүнүн ортосунда көптөгөн өз ара пайдалуу келишимдерге кол коюлду. Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери Дүйшөмбү шаарындагы Улуттук өндүрүмдөрдүн көргөзмөсүнө барышып, эки өлкөнүн өнөр жайынын ар кандай тармактарындагы жетишкендиктерин чагылдырган экспозициялар менен таанышышты.

Иш сапардын маданий бөлүгүнүн жана Тажикстандагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында президенттер Дүйшөмбү шаарындагы «Кохи Борбад» мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин «Түбөлүк достук» аттуу концертине катышты.

Сапардын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулады.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Жогорку жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысы жолугушууда визиттин жүрүшүндө кол коюлган документтер, ошондой эле өкмөттөрүбүздүн жүргүзүп жаткан иштери эки өлкөнүн жана элдин түбөлүк достугунун бекем пайдубалын түптөй турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарын ийгиликтүү аяктап, 9-июлда Бишкек шаарына кайтты. Кыргыз лидеринин Тажикстанга мамлекеттик визитин чет өлкөлүк маалымат каражаттары чек ара маселелерин жөнгө салгандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы этабы деп баалашты (https://www.ng.ru/cis/2025-07-09/5_9290_kyrgyzstan.html).

Президент Садыр  Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча билдирүүсү

Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүүсү жасап, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Мени боордош Тажикстан Республикасына мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганы үчүн жана салттуу меймандостугу менен жылуу кабыл алганы үчүн Тажикстан Республикасынын Президенти урматтуу Рахмон Эмомали Шариповичке терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Урматтуу Эмомали Шарипович менен сүйлөшүүлөрүбүз жылуу, достук маанайда, конструктивдүү негизде өткөнүн канааттануу менен белгилей кетсем.

Мамлекет башчыларынын саясий диалогу кыргыз-тажик ынак коңшулаштык мамилелеринин жана Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн эң маанилүү бөлүгү болуп саналат деп баса белгилегим келет.

Бүгүн биз мамлекеттер аралык мамилелерибиздин тарыхындагы маанилүү окуянын башында турабыз. Саясий эрк жана чечкиндүүлүктүн аркасында биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аягына чыгара алдык. Муну өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эң фундаменталдуу жана чындап маанилүү жетишкендиктердин бири деп эсептейм. Бул биздин өлкөлөр жана элдерибиз үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн да чыныгы тарыхый жетишкендик.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын жогору баасына жана оң пикирине ээ болду. Биз соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, чек ара байланыштарын кеңейтүү, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактар аралык диалогду чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрин талкууладык.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода, билим берүү, өнөр жай, туризм жана башка көптөгөн маанилүү багыттардагы өз ара кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Баса белгилей кетсем, сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктарынын бири катары кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгарууга болгон эки тараптуу умтулуулар чагылдырылган Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

Кыргыз-тажик өз ара кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо максатында Өкмөттөр аралык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри төрагалык кылат.

Өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү боюнча келиштик.

Мамлекеттер аралык диалогду мындан ары да чыңдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Тажикстан Республикасынын Оли Мажлиси ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледик.

Биз региондор аралык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналган «Карамык-автожол» жана «Бордобо-автожол» эки көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруу аземин өткөрдүк.

Мамлекеттерибиздин жарандары үчүн чек арадан өтүү тартибин жөнөкөйлөштүрүүгө көмөктөшүү, анын ичинде соода-сатыкка, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдаштык.

Бүгүн кыргыз-тажик алакалары өз ара сый-урмат, ишеним жана ынак коңшулаштыктын негизинде өнүгүүнүн жаңы баскычына  өтүүдө.

Өзгөчө көңүл экономикалык компонентке – өз ара сооданы көбөйтүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, индустриалдык жана логистикалык зоналарды өнүктүрүүгө бурулду.

Энергетика тармагында «CASA-1000» региондук долбоорун аяктоо зарылдыгы белгиленди. Ушул жылдын март айында Худжанд шаарында «CASA-1000» долбоорунун алкагында 500 кВ «Датка – Сугд» линиясынын ишке киргизилиши канааттануу менен белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө коопсуздук тармагында, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара даярдык ырасталды.

Ошондой эле биз эл аралык жана аймактык уюмдарда – БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана башкаларда координацияны күчөтүү ниетибизди билдирдик.

Биз эл аралык түзүмдөрдө бири-бирибиздин талапкерлигибизди колдоого жана климаттын өзгөрүшү, суу жана тоо экосистемалары, ошондой эле мөңгүлөрдү сактоо сыяктуу чөйрөлөрдө демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө макулдаштык.

Биз ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларынын алкагында саясий диалогду улантууну жана чыңдоону колдоп жатабыз.

Маданият жаатында биз биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү, искусство жана спорт ишмерлеринин делегациялары менен алмашууну колдодук, бул биздин элдердин мындан ары да жакындашуусуна өбөлгө түзөт.

Гуманитардык мүнөздөгү маселелерге – Тажикстандагы кыргыздардын жана Кыргызстандагы тажиктердин этникалык жана тилдик өзгөчөлүгүн сактоого, ошондой эле маданий борборлорду, коомдук бирикмелерди жана билим берүү мекемелерин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурдук. Биз академиялык жана жаштар алмашууларын, илимий мекемелердин кызматташтыгын жана билим берүү документтерин өз ара таанууну колдойбуз.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн боордош эки элдин достук жана жакын коңшулук мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган жыйынтыгына жана жетишилген макулдашууларга канааттанганымды өзгөчө белгилегим келет”.

Билдирүнүн соңунда мамлекет башчысы Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун жогорку динамикасын сактоо максатында, Президент  Эмомали Рахмонду каалаган убакта Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

 

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар