whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек мэри курулуш компаниялардын объектилерин текшерди

Бишкек мэри курулуш компаниялардын объектилерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулуш компанияларынын объектилерин текшерип, атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жабдууларды орнотуу боюнча көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын карап чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 457 курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен Айни көчөсү, 82 дарегиндеги «Амир прогресс» ЖЧК курулуш компаниясынын аймагы текшерилди. Объекттинин аймагында суунун орунсуз чыгып жатканына байланыштуу, «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасына суу ресурстарын сарамжалсыз пайдалангандыгы үчүн айып салуу тапшырылды. Ошондой эле, аталган аймакта курулуш нормалары сакталган эмес.

Жал-29 кичирайонунда жайгашкан «Эра Констракшн» ЖЧКсы да дөңгөлөктөрдү тазалоо (жуу) пунктун орноткон эмес. «Биз курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуугуч жабдууларды текшерүү боюнча 10 күндүк рейд баштайбыз. Айып пулдардан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлмайынча объектилерди жапканга чейин чараларды көрөбүз», — деди мэр.

Мэр Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына бардык объекттерде көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №100 буйругунун негизинде борбордук муниципалитет, бардык курулуш компаниялар (подряддык уюмдар) Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык курулуш объектилеринде автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттарын орнотууга милдеттүү экенин расмий билдирет.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар