Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкекте массалык тамак-аштан уулангандардын саны 20га жетти

Бишкекте массалык тамак-аштан уулангандардын саны 20га жетти

Бишкек шаарында массалык тамак-аштан ууланган жарандардын саны 20га жетти. Учурда алардын баары Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу  оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 19 адам ооруканага жаткырылган, дагы бир бейтап амбулатордук дарыланууга алынган.

«Жабырлануучулардын абалы орточо. Бир бейтап — 34 жаштагы адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы бир аз жакшырды, текшерүүдөн кийин аны палатага которуу же которбоону чечебиз», — деди Гүлжигит Аалиев.

Учурда бардык бейтаптарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Маалыматка караганда, жабырлануучулар Буффет ашканасында даярдалган тамак-ашты жегенден кийин ууланышкан.

Окуядан кийин санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аталган мекемеде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, лабораториялык изилдөө үчүн тамак-аштын үлгүлөрүн алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, 23 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле 11-марттан тартып ашкананын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылган.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар