АКШнын президенти Дональд Трамп Британиянын BBC телерадиокорпорациясына каршы рекорддук — 10 миллиард долларлык доо арыз менен сотко кайрылды. Ал корпорацияны өзүнө карата жалаа жабуу, маалыматты бурмалоо жана 2024-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылуу менен айыптоодо.
33 беттен турган доо арызда BBC Трампты «жалган, каралоочу, манипуляцияланган жана кастык маанайда көрсөттү» деп белгиленген. Президенттин айтымында, бул аракеттер атайын уюштурулуп, шайлоонун алдында коомдук пикирге таасир этүүнү көздөгөн.
Чырдын чордонунда BBCнин «Трамп: Экинчи мүмкүнчүлүк?» аттуу документалдык тасмасы турат. Ал 2024-жылдагы президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда эфирге чыккан. Трамптын командасы фильмде 2021-жылдын 6-январында айтылган эки башка сөздөн алынган цитаталар бириктирилип, анын мааниси атайылап бурмаланганын билдирүүдө.
Атап айтканда, тасмада Трамптын «акыр аягына чейин күрөшүү керек» деген сөзү берилген, бирок ошол эле күнү айтылган «тынчтык жолу менен демонстрация өткөрүү» тууралуу чакырыгы көрсөтүлгөн эмес. Бул факт Трамптын тарапташтары тарабынан маалыматтык манипуляция катары бааланды.
Белгилей кетсек, бул окуяга чейин Трамп BBCге 1 миллиард долларлык доо коюу ниети бар экенин эскерткен кат жөнөткөн. Эми болсо ал сумманы он эсеге көбөйтүп, сот аркылуу адилеттик издей турганын билдирди.
BBC азырынча бул доо арыз боюнча расмий комментарий бере элек.


