Башкы беткеРубрикаларАймактарЖаздагы кар... Борбор калааны тазалоого миңдеген жумушчулар тартылды

Жаздагы кар… Борбор калааны тазалоого миңдеген жумушчулар тартылды

Муниципалдык Тазалык ишканасы март айындагы кар жааган соң көчөлөрдү кар жана ылайдан тазалоо үчүн 1000ден ашык кызматкерди жумушка чыгарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери 11-мартка караган түнү башталган. Кардын кесепеттерин жоюуга 32 МАЗ жана 10 Shacman кум себүүчү унаалары, бир фронталдык жүктөгүч, экскаватор, 32 Беларусь трактору жана беш универсалдык коммуналдык техника тартылды.

Мындан тышкары көчөлөрдү иретке келтирүүгө 20 жол жумушчусу жана санитардык тазалоо боюнча миңден ашык кызматкер иштеп жатат. Тайгактын алдын алуу үчүн 581 тонна техникалык туз пайдаланылган.

Учурда кар жана ылайды тазалоо иштери уланууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар