Башкы беткеМаанилүүМамлекеттик камсыздандыруу уюму жол кырсыгында жабыркаган 9 жаранга компенсация тапшырды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жол кырсыгында жабыркаган 9 жаранга компенсация тапшырды

Жол кырсыгынан жабыркаган тогуз жаранга ОСАГО камсыздандыруусу боюнча акчалай компенсация тапшырылды.

Жабыр тарткан жарандарга 800 миң сомго чейин материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей, компенсациянын суммалары:

— 1-даража майыптык – 200 миң сом;

— 2-даража майыптык – 150 миң сом;

— 3-даража майыптык – 100 миң сом;

— Травмалар – 100 миң сомго чейин болот (дарылоонун чыныгы чыгымдары боюнча).

ОСАГО полисин “Мега Пей”, “МБанк”, “Мой О” мобилдик тиркемелер аркылуу, ошондой эле уюмдун филиалдарына кайрылып камсыздандыруу полисин алса болот.

ОСАГО – бул жол кырсыгы учурунда үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабуучу унаа ээлери үчүн милдеттүү камсыздандыруу. Ал күтүлбөгөн чыгымдардан сактап, айдоочуларга жана жабыр тарткан тараптарга каржылык колдоо көрсөтөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар