Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруунун XVI аземине катышты. Иш-чарага Кыргызстанга иш сапары менен келген Ханзаада Рахим Ага-Хан V жана дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 200дөн ашуун архитекторлор, илимпоздор жана коноктор катышты.
Өз сөзүндө Касымалиев бул салтанатты Кыргызстан үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик катары баалап, архитектуранын коомго тийгизген таасири жана маданий мурасты сактоодогу ролуна токтолду. Ал Кыргызстан акыркы жылдары курулуш жана архитектура тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи. Алардын катарында “Кемин-Сити” жаңы шаары, “Жалал-Абад” аэропорту, “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластери, жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол коридору бар.
Касымалиев ошондой эле бул азем Кыргыз Республикасы менен Ага Хан фондунун 25 жылдык кызматташтыгынын алкагында өтүп жатканын эске салып, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият тармагындагы биргелешкен долбоорлор жарандардын жашоо сапатына чоң салым кошконун айтты.
Анын сөзүндө белгиленгендей, Ага Хан сыйлыгы дүйнөлүк коомчулук үчүн архитектураны коомду бекемдөөчү жана баалуулуктарды бириктирүүчү символ катары даңазалап келет.
Маалымат үчүн: Ага Хан сыйлыгы 1977-жылы негизделген. Ошондон бери 136 долбоор сыйлыкка ээ болуп, 10 миңден ашык архитектуралык демилге документтештирилген.

