whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКемин шаарынын мэри Кайрат АБДЫВАЛИЕВ: "Шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүү башкы максатыбыз”

Кемин шаарынын мэри Кайрат АБДЫВАЛИЕВ: «Шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүү башкы максатыбыз”

Кемин шаарынын курамына 2 калктуу конуш кирет: Кемин шаары жана Нур кичи району. Шаардын аймагы 1104 гектар аянтты ээлейт. 2022-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча 8758 калк жашайт. 4 орто мектеп: Ж.Садыков атындагы орто мектеби, А.Сурантаев атындагы Кемин орто мектеби, Н.Давлесов атындагы Кемин орто мектеби жана Нур орто мектеби. Жалпысынан шаардын мектептеринде 2306 окуучу билим алат. Ошондой эле 4 мектепке чейинки билим берүү уюму бар. Алар: “Акылай Кемин», «Байчечекей Кемин», «Наристе Кемин» жана «Касиет Кемин» бала бакчалары. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жалпысы 629 бала тарбияланат.

“Шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүү башкы максатыбыз”, — деген Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев төмөнкү маалыматтарды келтирди.

Салык  төлөмдөрү

2024-жылдын 12 айына салык  планы – 76189,0 миң сом болсо, иш жүзүндө – 90107,6 миң сом суммасында салык жыйналып, план-тапшырма – 118%га аткарылды.

Негизги капиталга инвестициялар

2023-жыл ичинде шаардын экономикасына – 15000,0 миң сом инвестиция тартылды.

2024-жылдын 12 айында — 114758,2 миң  сомдук инвестиция тартылды.

Социалдык көрсөткүчтөр

2024-жылдын 12 айында шаар боюнча социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 3 үй-бүлөнү түзөт же 10 балага республикалык бюджеттен ай сайын зарыл болгон 144,0 миң материалдык жардам көрсөтүлдү.

2024-жылы көмүр отун алуу компенсацияны 150 үй-бүлө алган же бул үчүн бюджеттен 375,0 миң сом бөлүнгөн.

Социалдык келишимдин негизинде 6 үй-бүлөгө 100,0 миң сомдон жалпысынан 600,0 миң сом берилди.

Социалдык келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөргө 100 миң сом бөлүнүп берилди.

2024-жылда аткарылган социалдык долбоорлор

Дем берүүчү грант аркылуу 2802,7 миң сомго Насыр Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинин эшиктери жана терезелери алмаштырылды.

Дем берүүчү грант аркылуу 2744,2 миң сомго балдар музыкалык мектебинин чатырын которуу жана тегерегин тосуу иш чаралары ишке ашты.

Дем  берүүчү грант аркылуу 3240,4 миң сомго “Акылай-Кемин” бала бакчасынын тегерегин тосуу жана брусчатка төшөө долбоору ишке ашырылды

Кемин районунун өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашкан долбоорлор

Шаардын борборун көрктөндүрүүгө – 15888,0 миң сом каралып иш чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жарлыгын аткаруу боюнча, мыйзамсыз салынган соода түйүндөрүн демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Ленин көчөсүнө асфальт төшөөгө 3200,0 миң сом акча каражаты сарпталды.

Н.Давлесов атындагы Кемин орто мектебинин жана  Нур орто мектебинин жылытуу системаларын алмаштыруу иштери аткарылды. Ал эми Н.Давлесов атындагы орто мектебинин имаратынын фасадын оңдоого республикалык бюджеттен 6,6 млн. сом акча  каражаты каралып, иштер  жүргүзүлүүдө. Кемин райондук аскер комиссариатынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүүдө.

Шаарыбыздагы эстеликтерди реконструкциялоо жана реставрациялоо иштери жанданып, Аалы Токомбаевдин эстелигин реконструкциялап, тегерегин көрктөндүрүүгө – 390,9 миң сом акча каражаты сарпталды.

Мындан сырткары, “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу үчүн райондук өнүктүрүү фонду тарабынан – 5 549,9 миң сом сарпталып, шаарыбыздын көчөлөрүнө видеокамералар коюлуп, РИИБнүн кызматкерлерине 5500,0 миң сом  боди-камералар жана планшеттер алынып берилди.

Кемин районунун  өнүктүрүү фондунун эсебинен  2700,0 миң сомго  маданият үйүнө ЛЕД экран орнотулду.

Шаарыбыздагы Тукеев көчөсүнө жарыктандыруу максатында жергиликтүү бюджеттен – 780,0 миң сом суммасында акча каражаты каралып шам чырактар коюлду.

Жолдорду оңдоо жана асфальттоо

2024-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар боюнча жалпысынан 3 км жолду оңдоо каралган, анын ичинен, К.Берикбаев көчөсүнө узундугу 1км болгон асфальт төшөлдү, жалпы узундугу 2 км болгон А.Бакеев көчөсү жана Нур кичи районунун Ладышев көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Кемин районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен суммасы 3200,0 миң сомго Ленин көчөсүнө асфальт төшөлдү. Балдар аянтчасын жана воркаут аянтчасын курууга 3350,5 миң сом сарпталды.

2025-жылга карата даярдалган долбоорлор

Республикалык бюджет аркылуу жүзөгө ашырыла турган долбоорлор: Кемин шаарында спорткомплекс куруу – 50,0 млн. сом. Советская көчөсүн тротуары менен 4 км аралыкта капиталдык оңдоодон өткөрүү – 45,0 млн. сом.

Дем берүүчү грант(стимгрант)

“Наристе Кемин” МЧББУ капиталдык оңдоодон өткөрүү 5,0 млн. сом. “Алтын түйүн” жана ДЮСШ имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү, брусчатка төшөө жана тосмо орнотуу – 5,0 млн. сом, Бозоев көчөсүнө асфальт төшөө – 8,6 млн. сом (фонд менен биргеликте)

Кемин райондук өнүктүрүү фонду аркылуу жүзөгө ашырылат

К.Осмоналиев атындагы стадионун капиталдык оңдоодон өткөрүү 21,0 млн. сом. Ленин көчөсүнө тротуар куруу жана жарыктандыруу 6,8 млн. сом. Ж.Садыков атындагы орто мектебинин фасадын оңдоо, брусчатка төшөө жана тосмо орнотуу 10,0 млн. сом.

Жергиликтүү бюджет аркылуу

Абдубачаев көчөсүнө тротуары менен капиталдык оңдоодон өткөрүү 14,0 млн. сом. Алыке Молдо көчөсүн капиталдык оңдоо 8,0 млн. сом, Исраилова жана Ч. Акаева көчөсүн жарыктандыруу 3,3 млн. сом, Таза суу долбоору 4,0 млн. сом.

Демөөрчүлөрдүн эсебинен жалпы суммасы 90 млн. сомго кичи райондогу талкаланып каралбай калган көп кабаттуу үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктап калды. Жыйынтыгында 90 батир жакынкы арада муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылып берилет.

Ал эми, Советская көчөсүндөгү узундугу 4 километр болгон жолдун аралыктагы капиталдык куруу иштерине, реконструкциялоого жолдун бетин жакшыртуу үчүн жаңы асфальт төшөө, жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн заманбап тротуарларды уюштуруу долбоорунун жалпы баасы – 45 миллион сомду түздү.

Аталган долбоор жол инфраструктурасынын сапатын жакшыртууга жана бардык жол кыймылынын катышуучуларынын ыңгайлуу жүрүшүн камсыздоого багытталган. Мисалы, Абдубачаев көчөсүнүн узундугу: 1,5 километр жолдун бетин жакшыртуу үчүн жаңы асфальт төшөө, жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн заманбап тротуарларды уюштурууга жалпы баасы – 14 млн. сом жумшалат.

Победа, Ленин, Тукеев, Исраилов көчө­лөрүнүн курулуш иштери кечинде жана түн ичинде жашоочулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылган.

Ал эми К.Иманалиев атындагы шаардык стадионунун капиталдык оңдоо иштерине даярдалган долбоордун максаты — дене тарбияны өнүктүрүү жана шаардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу спорттук жайды түзүү.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар