Башкы беткеРубрикаларАймактарАз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергияга 55,4 тыйындан төлөйт

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергияга 55,4 тыйындан төлөйт

Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөрлөрдүн 94,9%ы электр энергиясын жеңилдетилген тариф боюнча төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча,  2022-жылдан тарта жөлөкпулун алган үй-бүлөрлөр 700 кВт/саатка чейинки электр энергия үчүн 50 тыйындан төлөп келген. 2024-жылдын май айында баа көтөрүлгөндөн кийин 55,4 тыйындан төлөй баштаган.

Учурда аталган жөлөкпулду 58,4 миң үй-бүлө алат. Анын ичинен 55 миң 494ү электр энергиясын жеңилдетилген тариф боюнча төлөйт. Министрлик билдиргендей, калган 3 миңдей үй-бүлө ижарага алган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашап, жеке эсептери жоктугунан берилген жеңилдикти колдоно албай келет.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар