Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген кыргыз делегациясы Франциянын Ницца шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Океан боюнча конференциясына катышты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимий коомчулук жана жарандык коомдун активисттери катышып, дүйнөлүк океанды коргоо, анын ресурстарын туруктуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча пикир алмашып жатышат.
Өз сөзүндө Эдил Байсалов климаттык өзгөрүүлөр, суу жана тоо экосистемаларын коргоо, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча Кыргызстандын расмий позициясын билдирип, өлкө деңизге чыгууга ээ болбосо да, дүйнөлүк экологиялык тутумдун маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү катары Дүйнөлүк океанды коргоо маселесинде четте калбайт. Климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана адамдын жаңы чакырыктарга ыңгайлашуу маселелери бизди терең тынчсыздандырат. Биз эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык демилгелерди колдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз», — деди Байсалов.
Конференция алкагында Эдил Байсалов чет элдик өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдө экологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, климаттык демилгелерди колдоо жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жаатындагы тышкы саясий артыкчылыктарын илгерилетүү маселелерине көңүл бурулууда.