Украина Лукашенкого санкция киргизди

0
2134

Украина Беларус президенти Александр Лукашенкого санкция киргизди. Бул тууралуу 18-февралда Украина президенти Владимир Зеленский билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын экинчи жарымында Россия аскерлери Беларусь аймагына сокку уруучу учкучсуз аппараттарды башкаруу үчүн ретрансляторлор системасын жайгаштырган. Бул Украинадагы энергетикалык объектилерге жана темир жол инфраструктурасына сокку уруу мүмкүнчүлүгүн күчөткөн.

Зеленский ошондой эле Беларус аймагында орто аралыктагы «Орешник» ракеталык комплексин жайгаштыруу үчүн инфраструктура өнүктүрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул Украина үчүн гана эмес, Европанын бардык өлкөлөрү үчүн да ачык коркунуч жаратат.

Украина президенти 2025-жылы беларус ишканалары Россияга аталган курал үчүн маанилүү түйүндөрдү, компоненттерди, механикалык базаны, ошондой эле ракета өндүрүү үчүн техника жана жабдууларды жеткиргенин кошумчалады.

Зеленскийдин айтымында, Александр Лукашенко «көптөн бери жеке бийлигин сактап калуу үчүн Беларус суверенитетин алмаштырып, Россияга дүйнөлүк санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип, согушту актап, эми анын масштабын кеңейтүүгө катышууда».

Санкциялар жарыяланганын билдирген Зеленский Украина бул чаралар глобалдык таасирге ээ болушу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иш алып барарын айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз