Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-февралда Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды.
Жолугушууга европалык депутаттар — Свен Симон, Тьерри Мариани, Антонин Станек, Кристиан Вигенин, Томаш Фрёлих, Кьяра Джемма жана Юсси Сарамо катышты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Европа Биримдиги жана анын мүчө өлкөлөрү менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, бул багыттагы мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Президент Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин жыйындарын диалогдун маанилүү механизми катары жогору баалап, парламенттик байланыштарды ички өнүгүү, тышкы саясат жана аймактык күн тартиби боюнча ачык пикир алмашуунун натыйжалуу аянтчасы катары мүнөздөдү.
Өз кезегинде Джузеппина Принчи меймандостук жана ачык диалог үчүн ыраазычылык билдирип, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Европарламенттин депутаттары акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө оң баа берип, мамлекеттик башкарууну модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоорун билдиришти. Ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, студенттик алмашуу программаларын активдештирүү жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарылдыгы баса белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

