Камбар-Атинская ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору активдүү курулуш баскычына өттү. Бул тууралуу Электр станциялары ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун көбөйтүп, энергетикалык системанын туруктуулугун арттырууга багытталган. Иштер Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө. Экинчи агрегатты ишке берүү электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүп, тармактын ишенимдүүлүгүн бекемдеп, тармакты узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө негиз түзөрү белгиленди.
Каржылоону Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду камсыз кылууда. Техникалык коштоо жана инженердик көзөмөлдү эл аралык Fichtner GmbH & Co. KG компаниясы жүргүзөт. Долбоор үч лотко бөлүнгөн: №1 жана №2 лоттор боюнча келишимди DEC–SM консорциуму утса, №3 лотту Sinohydro Bureau 16 компаниясы аткарууда.
Азыркы этапта негизги курулуш аянтчалары даярдалып, технологиялык жабдуулар, административдик имараттар жана убактылуу турак жайлар үчүн жерлер уюштурулду. Кызматтык жана турак жай имараттарынын пайдубалдары бетондолуп, металл конструкцияларын орнотуу иштери башталды. Ошондой эле №2 гидроагрегаттын суу өткөрүүчү түтүгү жана №1 агрегаттын компенсатору техникалык кароодон өткөрүлдү.
Долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылууда.

