Украина, АКШ жана Россиянын ортосундагы жаңы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында «олуттуу жылыш» болду. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф социалдык тармактагы X баракчасында билдирди.
Анын айтымында, президент Дональд Трамптын жаңжалдашкан эки тарапты сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу аракеттери натыйжа берип, маанилүү прогресске жетишилди. «Эки тарап тең өз лидерлерине маалымат берип, келишимге жетишүү багытында ишти улантууга макул болду», — деп жазды ал.
Шейшемби күнү Женева шаарында Украина, АКШ жана Россия катышкан сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Тараптар сүйлөшүүлөрдү шаршемби күнү улантарын билдиришти.

