Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны болуп өттү.
Жыйын Президенттин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында протоколдук тапшырмалардын аткарылышын талдоого, санариптештирүүнү тездетүү, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелерине арналды.
Финансы министри Алмаз Бакетаев бюрократиядан арылтуу демилгелерин каржылык жактан камсыздоо тууралуу баяндама жасап, санариптик долбоорлордун бюджеттик муктаждыктарына токтолду. Ал Казыналыктын функцияларын толук өткөрүп берүү жана кадрларды «Кылым банк» мамлекеттик банкына өткөрүү аркылуу кайра уюштуруу сунушун белгиледи.
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын 28-ноябрындагы №331 Жарлыктын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгиленген мөөнөттөрдүн сакталбаганы үчүн министрге оозеки эскертүү берип, көзөмөлдү күчөтүү максатында протоколдук тапшырмалардын аткарылышын тиешелүү орун басарларга бекитүүнү тапшырды.
Жогорку Сот жана Башкы прокуратура өкүлдөрү сот системасын санариптештирүү, электрондук иш кагаздарын жүргүзүүнү киргизүү жана IT-инфраструктураны жаңылоо боюнча иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүнүн сакталышы жана мыйзам бузууларга каршы чаралар талкууланды.
Талкууда соттук отурумдарды түз эфирде көрсөтүү маселеси толук кандуу аткарылбай жатканы белгиленип, тиешелүү түзүмдөргө бул багыттагы ишти көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Улуттук илимдер академиясынын өз алдынчалыгын жогорулатуу боюнча иштер тууралуу баяндама жасады. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — юстиция министри Аяз Баетов демилгенин жай илгерилеп жатканын белгилеп, ченемдик маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын айтты.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар министрлерге оозеки эскертүүлөр берилип, ведомстволор аралык координацияны күчөтүү, мониторингди жакшыртуу жана санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорлорду артыкчылыктуу каржылоо тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бюрократияны жоюу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп, тапшырмалардын өз убагында жана натыйжалуу аткарылышын талап кылды.

