Францияда кооптуу абал жарыяланды

0
2257

Францияда «Педро» бороонуна байланыштуу төрт департаментте “кызыл” деңгээлдеги кооптуу абал жарыяланды.

Жаңы бороон катуу жаан алып келип, буга чейин эле суу каптап турган аймактарда кырдаалды ого бетер курчутушу мүмкүн.

Франциянын батышындагы Франция аймагында сел коркунучуна байланыштуу Приморская Шаранта, Жиронда, Ло жана Гаронна, Мен жана Луара департаменттеринде эң жогорку — “кызыл” деңгээлдеги эскертүү режими киргизилди. Дагы тогуз департаментте “сары-кызгылт” (оранжевый) деңгээлдеги кооптуу абал сакталууда.

Буга чейин жаан убактылуу токтогон Бретань аймагында кайрадан жаан жаай баштады.

Экология министри Моник Барбю топурактын нымдуулугу 1959-жылдан бери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп, муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырды. Ал өкмөт табигый кырсыктан жабыркагандарга колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Ло жана Гаронна департаментинде шейшемби күнү дээрлик 1700 адам эвакуацияланды. Ал эми Анже шаарынын мэри акыркы 25 жылда мындай деңгээлдеги суу ташкыны катталбаганын айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз