Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБыйыл Казакстан 100 миң тоннадан ашык бензин экспорттоду

Быйыл Казакстан 100 миң тоннадан ашык бензин экспорттоду

2025-жылдын алгачкы беш айында Казакстан чет өлкөлөргө 106,6 миң тонна бензин экспорттоду. Экспорттун жалпы баасы 64,9 млн долларды түздү. Бул тууралуу «Курсив» басылмасы Казакстандын улуттук статистикалык бюросуна шилетеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкө бензин экспортун жасаган эмес.

Казакстан бензинди негизинен коңшу өлкөлөргө саткан:

  • Кыргызстан — 55 миң тонна (30,6 млн доллар);
  • Өзбекстан — 46,6 миң тонна (31 млн доллар);
  • Тажикстан — 2,2 миң тонна (1,4 млн доллар);
  • Ооганстан — 3 миң тонна (1,9 млн доллар).

Казакстан ошондой эле дизелдик отундун экспортун да көбөйткөн. Экспорт 2024-жылга салыштырмалуу 15,3%га өсүп, жалпы көлөмү 19,1 миң тоннаны түзгөн. Башкы импорттоочулар Кыргызстан (16,3 миң тонна) менен Өзбекстан (2 миң тонна) болгон.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар