whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүУчкун конушунда жаңы бала бакча курулат

Учкун конушунда жаңы бала бакча курулат

Бишкектин Учкун конушунун Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды.

Эки кабаттуу бала бакчанын аянты 1908 чарчы метрди түзүп, жалпы жер тилкесинин аянты — 0,83 га. Анда наристе, кенже, жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынан турган 6 топ болот.

Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактары үчүн өзүнчө залдар каралган.

Мындан тышкары, бала бакчада медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр да болот. Ар бир тайпа үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Курулуш иштерин «Аргын Курулуш» ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар