Тарых илимдери боюнча PhD докторанты Канатбек АБДУЖАПАР уулу менен маек:
Канатбек Абдужапар уулу өтө сейрек илимдин ээси, тактап айтканда эски кытай тили боюнча бирден бир адис. Төмөндө аны менен болгон маегибизди окурмандарга сунуш кылабыз.
– Канат, илимге болгон кызыгууңа эмнелер себеп болду?
– Кытайдан билим алып келип, Манас университетинин Чыгыш тилдер бөлүмүндө кытай тилинен мугалим болуп эмгектене баштагандан кыргыз тарыхына болгон кызыгуум арта баштады. Буга университетте чогуу эмгектенген агай эжелерим түрткү болушту. Эски кытай тилин түшүнгөн синолог-адистердин жоктугунан улам, кытай тарыхый булактарындагы кыргыздар тууралуу маалыматтардын окулбай жаткандыгын билдиришти. Эгемен өлкө болуп туруп өз өлкөбүздө элибиз жана жерибиз тууралуу маанилүү тарыхый маалыматтарды чечмелей алчу адистин жоктугу жана ал маалыматтардын чечмеленбей тургандыгы мени аябай өкүндүрдү. Ошол себептен эски кытай тилин өздөштүрүп, тарых илимин үйрөнүп, Кыргызстандын тарых илим чөйрөсүндө аз да болсо өз салымымды кошууну чечтим. Тарых илиминде эч качан толук кандуу объективдүүлүк болбогондугунан улам, өз өлкөбүздүн идеологиясына дал келген жана кызыкчылыгын коргогон синолог-адистерибиздин болуусу өлкө үчүн нан менен суудай маанилүү экендигин сездим.
– Тарых илими татаал илим, а эски кытай тили андан да татаал чыгар?
– Ооба, тарых илими эң татаал жана чоң эмгекти талап кылган илимдердин бири. Ошондуктан, экинчи кесип катары тарых бөлүмүнө тапшырып бул илимди башынан окуп үйрөнүүгө бел байладым. Ошентип, студенттик жашоом улана берди, ата-энеме артылган жүгүм ого бетер оорлой берди. Менин кырдаалымды ар тараптан жакшы түшүнүп билип турган жакын досторум, жада калса, мага күйгөндүгүнөн: “ушунча жыл чет тарапта окуп келдиң, эми ушул билимиңди колдонуп жакшы акча таап бутка туруп алсаң болмок. Ата-энең да улгайып баратат, жок дегенде аларды ойлон. Окуп эле жүрө берсең, күчтүү окумуштуу болуп кетсең деле, мээнетиң үчүн алганыңдын эң чоңу сүрөтүңдүн дубалда илиниши болушу мүмкүн”, – деген кеңештерин беришти. Албетте, алар да менин жасап жаткан жумушумдун маанилүүлүгүн жакшы билишет. Болгону, досторум мен үчүн күйгөндүгүнөн улам бул сөздөрдү айтып жатышат. Ошентип, кытай тили мугалими катары иштеп жүрүп, ошол эле учурда 2018-жылдан тарта Манас университетинде тарых адистиги боюнча докторантурага тапшырып окуй баштадым. Андан сырткары 2021-2024 жылдар аралыгында Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинде тарых факультетинде магистратура программасында билим алдым. Бул жылдар аралыгында, Цин дооруна тиешелүү эски кытай тилин жана манжур тилин үйрөнүп, бул тилдерде кытай тарыхый булактарында жазылган кыргыздар тууралуу маалыматтарды чечмелей баштадым. Кандайдыр бир жакшы ниет менен эл үчүн пайдалуу ишке баш отуң менен кирише баштаганда, албетте, колдоочулар да коштоп келе баштайт экен.
– Кол жазмаларды изилдөөгө катип келдиңиз?
– 2019-жылы Бишкекте уюштурулган эл аралык илимий конференцияда котормочу катары кызмат көрсөтүп калдым. Ошол конференцияда Пекин шаарында жайгашкан Кытай коомдук илимдер академиясынан илимий делегация келип катышып калды. Алар менен таанышып, алардан эски кытай тилин терең өздөштүрүү боюнча жол-жоболорду алдым. Ошол эле конференцияда “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов агай менен жакындан тааныштым. Кыяс агай да менин Кытайга барып кыргыз тарыхын изилдөө боюнча пландарымды колдоорун билдирди. Ошол конференциянын жыйынтыгында Кытай архивдеринде кыргыздар тууралуу изилдене элек көптөгөн тарыхый-архивдик документтер бар экендиги айтылган. Алдыда ал архивдерди окуп, чечмелөөчү адистерди даярдоо зарылчылдыгы турган. Ал үчүн Кыяс агай кытай тилин билген жана тарых боюнча билими бар жаштарды издеп жаткандыгын айтып, мен эски кытай тилин үйрөнүп жүргөндүгүмдөн улам, мага Кытайда тарых факультетине тапшырып ал жерде билимимди тереңдетүүнү сунуштаган. Ал жылдары карантин күч алып турган учур, Кытайга барып окуу мүмкүн эмес болчу, ошондуктан, Кытайдагы сабактарды Кыргызстанда туруп эле онлайн окуп жүрдүм. Албетте, онлайн окуунун кемчиликтери менен кошо артыкчылыктары да сезилди.
– Онлайн окуу финансылык жактан ыңгайлуу болсо керек?
– Ооба, Кытайга барып окуучу болсом көп каражат керек болмок. Пекин шаары дүйнөнүн кымбат шаарларынын катарында экендиги белгилүү. Кыргызстанда жүрүп окугандыктан, Кытайда жашоо-тиричиликке, турак-жайга ж.б. керектелчү каражатка кажет болгон жок. Бир гана университетте жылына төлөнчү окуу акысын төлөш керек болчу. Бул маселени чечүү жолу табылды. “Мурас” фонду менен Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарых изилдөө институтунун арасында түзүлгөн келишимдин негизинде менин үч жылдык окуу акымды бекер кылып бермей болушту. Көрсө, мен окуган университет жыл сайын чет элдик студенттерге окуу акысынын өлчөмүндө стипендия берет экен, бирок, ал стипендияны студенттин окуудагы жыйынтыктарына, окуудан сырткары жасалган илимий ж.б. иш-чаралардагы активдүүлүгүнө жараша берет экен. Бактыга жараша, мен окуу акысын төлөө үчүн ошол стипендияга жетише алдым. Акыркы курска келгенде, Кытайдагы карантин аяктап, Кыргызстан менен Кытай арасындагы чек-аралар ачылып, Кытайга барып окуу зарылчылдыгы жаралды. Анткени, мындан кийин Кытайдагы университеттердин баарында онлайн түрүндө окуу жүргүзүү токтотулган болчу. Манас университетиндеги жумушум – окуумду улантуу үчүн тирек болуп келе жаткандыктан, эгерде Кытайга барып окуумду улантчу болсом, Манастагы жумушумду ташташым керек болду. Эгерде жумушумду таштачу болсом, окуу мындай турсун үй-бүлө, тиричилигимди улантуу мүмкүн болбой калмак.
– Анан ал маселе кандай чечилди?
– Ошол кезде Кыяс агай сөзсүз түрдө окуумду аякташым керек экенин, баштаган ишимдин маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертти. Аны кандай болбосун улантуум керектигин айтып, Кытайдагы каражаттарымды “Мурас” фонду көтөрүп берерин билдирди. Ошентип, 2023-жылдын сентябрь айында, окуумду аяктоо үчүн, Кытай тарыхый архивдеринде жазылган эски кытайча, манжурча тарыхый документтерди окуп чечмелөөнү үйрөнүп, өздөштүрүү үчүн Пекин шаарына келип окуй баштадым. 2024-жылы, магистратурамды ийгиликтүү аяктап, Кытайда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү Цин доору тарыхы, тиешелүү тарыхый тилдери мыкты үйрөтүлүүчү жана аталган тармактагы мыкты адистерди даярдоочу мекеме – Кытай элдик университетине докторантурага кире алдым. Учурда аталган университетте билимимди өркүндөтүп жатам.
– Эми илим жаатында эмнени тереңдетип, эмнени изилдеп-иликтеп жатасың?
– Учурда мен изилдеп жаткан доор – бул, Кытай тарыхындагы акыркы династия Цин. Бул 1644-1911-жж. (же 1616-1911) аралыгында манжурлар тарабынан түзүлгөн династия. Аталган династиянын башкы бир жарым кылымында көпчүлүк учурда манжур тили мамлекеттик тил катары расмий иш кагаздарында колдонулган. Династиянын кийинки мезгилдеринде да колдонулганы менен, көбүнчө кытай тили басымдуулук көрсөтө баштаган. Ошондуктан, манжур-кытайлар Орто-Азия калктары, анын ичинде кыргыздар менен байланыштарынын алгачкы кылымында (Цин бийлиги Орто-Азия калктары менен 1750-жж. аягынан баштап мамиле түзө баштаган) алардын байланыштары тууралуу маалыматтар боюнча иш кагаздарын манжур тилинде жүргүзүшкөн. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кытайдын архивдеринде Цин мезгилиндеги Орто-Азия калктары менен болгон мамилелери тууралуу көптөгөн архивдик документтери сакталып турат. Бул архивдик документтер Орто-Азия калктарынын тарыхын изилдөөдө маанилүү тарыхый булак болуп саналат. Өткөн кылымдын 90-жж. бери бул архивдик документтерди иреттөө иштери аякталып, ачыкка чыгарыла баштады. Ошондуктан, алардагы тарыхый маалыматтардын арасында бүгүнкү күндө жаңы, буга чейин белгисиз болгон маалыматтар да көп кездешет.
– Кыргыздар тууралуу кызыктуу маалымат чыкчудайбы?
– Мен өзүмдүн изилдеп келе жаткан темам боюнча да көптөгөн кызыктуу
маалыматтар табылып жатат. Алдыда жалпы кыргыз уруулары боюнча жаңы ачыкка чыгарылган Цин дооруна тиешелүү манжурча, кытайча архивдик документтердеги маалыматтардын негизинде тарыхый эмгек чыгаруу максатым бар. Тарыхый булактар, анын ичинде архивдик документтер байыркы мезгилдерде жазылгандыктан, аларды азыркы көз караш же түшүнүк менен кароого мүмкүн эмес, ал тарыхый тилдерди окуп түшүнө билген менен ал кездеги жалпы кырдаал боюнча маалыматтын жоктугу ж.б. көптөгөн факторлор тарыхчынын калемине чоң таасирин тийгизет. Мен акыркы жылдар аралыгында, эски кытай тилин, манжур тилдериндеги кыргыздар тууралуу маалыматтарды изилдеп олтуруп, алдыда үйрөнүшүм керек болгон көптөгөн нерселер бар экендигин дагы бир жолу түшүндүм. Алдыда ишке ашырышым керек болгон максаттарым көп, ошондой эле аткарышым керек болгон милдеттерим жана мойнумдагы жоопкерчилигим чоң экендигин сездим. Ата-энемдин мага болгон ишеничин жана кичинекей кезимден бери мен үчүн жасаган мээнетин актап, эл-жерим үчүн кымындай болсо да пайда алып келүү – ошол мен үчүн жашоомдогу эң негизги
максатым.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”