Башкы беткеМинистрлер кабинетиИталиялыктар катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана курат

Италиялыктар катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана курат

Президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, инвестициялык кызматташууну укуктук жактан бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо иши Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аяктоо алдында турат. Документ инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган.

Биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү максатында агенттик италиялык өнөктөштөр менен туруктуу диалог жүргүзүп, макулдашылган демилгелерди коштоп келүүдө.

Кыргызстанга келген TRITOR компаниясынын делегациясы менен жолугушуулар өтүп, ага Токмок, Каракол, Ош, Кара-Балта жана Бишкек шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында заманбап италиялык технологияларды колдонуу менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкананы куруу боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн мүмкүн болгон жер катары Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы таштанды полигондору каралууда.

Долбоордун алдын ала инвестициялык көлөмү 10–12 млн евро деп бааланууда. Италиялык тарап жер тилкесин 30 жылга чейин узак мөөнөткө ижарага алууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы медициналык мекемелердин бирине медициналык калдыктарды кайра иштетүү үчүн жабдууларды жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Анын болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле “Борбор Азия + Италия” форматындагы бизнес-форумду өткөрүү демилгеси каралууда. Кыргыз тарап бул иш-чараны уюштурууга толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Кызматташууну кеңейтүү максатында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Италиянын өнүгүү институттары менен байланыш түзүп, онлайн-жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар