Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелерине арналган жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялар жана шаар мэрияларынын жетекчилери жыйынга видео байланыш аркылуу кошулду.
Белгиленгендей, эл аралык стандарттарга ылайык айыл чарбасынын негизги көрсөткүчтөрү боюнча толук, объективдүү жана так маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү токтом кабыл алган. Ага ылайык, өлкөдө айыл чарбасын каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин жүргүзүлөт.
Эрлист Акунбеков айыл чарбасын каттоо өлкөнүн агрардык тармагынын абалы тууралуу ишенимдүү жана толук маалымат алууга мүмкүндүк берген маанилүү жалпы улуттук иш-чара экенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө каттоого даярдык көрүү боюнча маалыматтар угулуп, анын жыйынтыгында министр мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү администрациялардын жетекчилерине календардык планда каралган бардык иш-чараларды өз убагында аткарууну жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

