whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактар1-марттан тарта Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонгондорго айып салынат

1-марттан тарта Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонгондорго айып салынат

2025-жылдын 1-мартынан тарта Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарды жана буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча Мыйзам бузуулар кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.

Бөлүм чектөөлөр курорттук жана рекреациялык аймактарга тиешелүү экенин эскертти. Алар:

⚫парк жана пляж аймактары

⚫Ысык-Көлдүн жээги.

Өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи жолу эреже бузууга эскертүү, ал эми бир жыл ичинде кайталанганга айып пул салуу каралган. Айыппулдардын суммасы:
3 миң сом – жеке жактар ​​үчүн;
10 миң сом – юридикалык жактар ​​үчүн.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын август айында Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында баштыктарды жана желим буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө абсолюттук тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койгон

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар