whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКаныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек АШЫРБАЕВ: “Калкыбыздын жыргалчылыгы – менин ийгилигим”

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек АШЫРБАЕВ: “Калкыбыздын жыргалчылыгы – менин ийгилигим”

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагы Чаткал тоо кыркасынын түндүк  чыгышында  жайгашкан, чыгыштан Талас облусу, батыштан Чаткал айыл аймагы, түштүктөн Терек-Сай айыл аймагы, түндүктөн Өзбекстан менен курчалат.
Каныш-Кыя айылы 1935-жылдары Чаткал өрөөнү Кызыл-Жар районунан өзүнчө район болуп бөлүнүп, 1936-жылы азыркы айыл аймагында Каныш-Кыя айылдык кеңеши уюшулган. Каныш-Кыя айыл Кеңешинин аймагындагы 3 колхозго бириктирилип, 1958-жылы колхоздор жоюлуп, Чаткал эт-сүт совхозу түзүлгөн.
Каныш-Кыя айыл аймагынын калкы негизинен мал чарбачылыгы жана айыл чарба менен алектенишет.
Айыл өкмөтүнүн башчысы – Ашырбаев Болотбек Сапарбекович. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын саны – 21, калкынын саны 2025-жылга карата – 16883.

Каныш-Кыя айыл аймагындагы административдик-аймактык реформа

Кыргыз   Республикасынын  Президентинин 2023-жылдын   29-декабрындагы  №370 “Кыргыз Республикасынын  аймактарынын  жана  шаарларынын  деңгээлинде пилоттук  режимде  административдик-аймактык реформа жүргүзүү  жөнүндө” Жарлыгына ылайык,  Каныш-Кыя айыл өкмөтү  менен  Чаткал  айыл өкмөтү  биригип, учурда жалпы 13  айылдан турат. Алар Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай, Кайың-Суу, Жер-Капчыгай, Кара-Булак, Кара-Суу, Жаңы-Базар, Курулуш, Акташ, Чандалаш.

Бүгүнкү күндө, айыл аймакка караштуу 6 орто мектеп, 3 негизги мектеп, 2 башталгыч мектеп, 3 бала бакча, кесиптик техникалык окуу жай, 2 амбулатория, 2 фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү ж.б. бар.

2024-жылдын 12 айына карата  жергиликтүү бюджеттин аткарылышы

Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2024-жылга карата 288465,0 миң сомго план бекитилип, 12 айдын жыйынтыгы менен план 264056,0 миң сомго такталган. Такталган план 264454,7 миң сомго аткарылып, такталган планга салыштырмалуу 398,7 миң сомго көп  же 100,2%га аткарылган.

Анын ичинен;

– Cалык төлөмү боюнча, киреше салыгына  138766,0 миң  сомго план бекитилип, план 12 айдын жыйынтыгы менен  бекитилген план 108663,0 миң сомго аткарылып, такталган планга салыштырмалуу 3597,0 миң сомго көп же 103,4 %га аткарылган.

– патенттин негизиндеги салыкка 483,5 миң сомго план бекитилип, план 283,5 миң сомго такталып, такталган план 202,9 миң сомго аткарылып,  такталган планга салыштырмалуу 80,6 миң сомго кем  же 71,6 %га  аткарылган. Себеби; Патент салыгын төлөп жүргөн жеке ишкерлердин көпчүлүгү, бирдиктүү салык түрүнө өткөндүгүнө байланыштуу патентке төлөнүүчү салык азайган.

– транспорттук каражаттар салыгына 1461,1 миң сомго план бекитилип, жеке менчик жаңы автоунаалар жана техникалардын саны көбөйгөндүктөн, транспорт каражаттар салыгы ашыкча 133,6%га  аткарылган.

– айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгына  план бекитилген эмес, бирок 12 айдын жыйынтыгы менен 103,0 миң сомго аткарылган. Себеби, буга чейинки эски карыздар өндүрүлгөн.

– калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 9316,0 миң сомго план бекитилип,  план 10558,7 миң сомго аткарылып, план өткөн жылга салыштырмалуу 1242,7 миң  сомго көп же 113,3%га  аткарылган.

– Жогоруда классификацияланбаган башка металлдарга (роялти салыгына) 17294,6 миң сомго план бекитилип,  план 31294,6 миң сомго такталып, кен байлыктарды иштетүүчү  фирмалардан  өндүрүлгөн  концентраттар сатылбагандыктан, такталган планга салыштырмалуу 4670,2 миң сомго кем аткарылган же 85,1%га  аткарылган.

Ошондой болсо дагы, 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин калдыгы 10307,1 миң сом болсо, 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин калдыгы 30455,4 миң сомду түздү.

Вертекс Голд жана Чаарат Зав фирмалары иштебей турат

2024-жылы Вертекс Голд жана Чаарат Зав фирмалары иштебегендиктен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга  51525,0 миң  сомго план бекитилсе, 1957,1 миң сомго кем же 95,4%га аткарылган. Себеби, жер казынасын пайдалануу үчүн алынган  лицензияны кармоодо акылар толук  өндүрүлбөй калган.

Мындан сырткары, райондун соцпакеттин эсебинен, кен байлыктарын иштеткен фирмалар тарабынан демөөрчүлүк иретинде берилүүчү акча каражаты дагы аз которулган.

Социалдык тармакта аткарылган иштер

Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча жалпы 699 жаран каттоодо турат. 2023-жылга салыштырмалуу 2,2%га жакырчылык азайды деп эсептесек болот. Каныш-Кыя айыл аймагында 2024-жыл ичинде ар кандай маселелер менен кайрылган жарандардын 232 жаранга жардам иретинде көмөк көрсөтүү үчүн айыл аймак тарабынан 3 996 000 сом акча каражатынан колдоо көргөзүлгөн.

Ал эми айылдык кеңешине кайрылган 64 жаранга айылдык Кеңештин чечиминин негизинде айыл аймактын ар кандай чыгымдар эсебинен 2 520 000 сом акча каражатынан колдоо көргөзүлгөн.

Каныш-Кыя айыл аймагында жашап жаткан аз камсыз болгон жана ардагерлерден 288 үй-бүлөгө айыл аймак тарабынан 60,285 тонна көмүр таркатылып берилди.

Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Чандалаш айылдарындагы тоголок жана жарым жетим балдарга “ВТИСА” өндүрүштүк бирикмеси  тарабынан балдарды колдоо максатында 800 000 сом акча каражаты 76 балага бөлүнүп берилди.

Дени сак адам – өнүккөн өлкө

Саламаттыкты сактоо боюнча дарыгерлердин билимин жогорулатууга, саламаттыкты сактоодогу даталуу күндөрдөгү иш-чараларга жана аймактагы айылдарды кыдырып элге бекер  медициналык жардам берүү  үчүн келген врачтардын тамак-аш жана жатаканасына 242 248 сом акча каражаты бөлүнүп колдоо көрсөтүлгөн. Ал эми айыл аймакта жайгашкан 2 оорукана, 7 ФАП, 3 тез жардамда эмгектенген ак халатчандар колдоого муктаж.

Балдардын билим алуусуна инвестиция

Каныш-Кыя айыл аймагында 13 мектеп, 17 бала бакча бар, андагы окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында жана окууга кызыгуусун арттыруу үчүн райондук, облустук жана республикалык деңгээлде өткөрүлгөн олимпиадаларга окуучулардын катышуусун камсыз кылууга айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлүп келүүдө.

Райондук, облустук жана республикалык деңгээлде өткөрүлгөн сынактарга аймактагы балдардын билимге болгон сапатын жогорулатуу жана руханий дараметин өстүрүү максатында, тактап айтканда, “Урааным Манас”, “Алтын тамга”, “Ысык-Көл” балдардын көзү менен”, “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу сынактарга, маданий жана спорттук иш-чараларга райондун атынан барып катышып келүүсүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 539000 сомго каржыланып, Ардак грамоталар менен сыйланып, кээ бир окуучуларыбыз билим деңгээлин сыноо менен руханий дараметин көтөрүп келишти.

Айылдагы спорттук жана маданий иш-чаралар

Айыл аймактын ар бир айылындагы жаштардын жана улгайган жарандардын ден соолугун чыңдоо үчүн өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чараларга аймак боюнча кызыктыруучу сыйлыктар жана 1082159 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ошондой эле, Каныш-Кыя айыл аймагындагы өнөрпоз ээлерин, кол өнөрчүлүктөрдү, ар кандай көргөзмөлөргө жана ушуну менен бирге эле Тажик –
Ооган согушунун ардагерлерине көңүл буруу менен жалпы 1,369041  сом акча каражаты бөлүнүп, 2024-жыл ичинде ар кандай маданий иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Айыл аймакта мал чарбасы өсүүдө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда мал санак жүргүзүлүп, 2023-жылга 6633 кара мал болсо, 2024-жылга 6653 баш кара мал, 2023-жылга салыштырмалуу 100,3%ды түзгөн.

Ал эми, кой, эчкилер 2024-жылга 52337 баш болуп 5003 башка көбөйгөн. Ушундай эле жылкылар дагы 2024-жылга 777 башка көбөйүп 115,8 %  пайызга өсүү болгон.

Жазгы талаа иштерине даярдыктар

Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан дыйкан фермерлердин жазгы талаа айдап себүүлөрүнө арзан дизелдик күйүүчү майы менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан айылда сатылып жаткан дизелдик күйүүчү майды 15-16 сомго арзан баада, тактап айтканда,  65 сомдон 58 тонна күйүүчү май дыйкандарга таркатылды. Ошондой эле, 40 тонна эспарцет, 1000 кг беде, 20 тонна буудай жана 10 тонна картошка үрөндөрү менен дыйкан-фермерлерибиз камсыз болушуту.

Жогоруда алынып келинген күйүүчү майы менен үрөн уруктарын максаттуу пайдалануу үчүн Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан муниципалдык жана жеке менчиктин түрүнө карабай жалпы 107 трактор тартылып, айдап себүү иштери боюнча жалпы 1938 га жер аянты айдалды, анын ичинен 686 га буудай, 150 га арпа, 29 га жүгөрү, 140 га чанактуу өсүмдүк, 418 га картошка, 257 га жашылча, 35 га май өсүмдүгү, 228 га тоют чөп өсүмдүктөрү себилген.

Сугат сууга каналдарды жана арыктарды тазалоо

Айыл чарба каналдарында жергиликтүү тургундардын ашар жолу менен жана муниципалдык ишкананын техникаларынын жардамы менен 88-89 чакырым каналга утурумдук тазалоо иштери жүргүзүлүп, жалпы 3827 га жер аянты сугат суу менен камсыз болду.

Каныш-Кыя муниципалдык ишкананын техникаларынын жардамы менен айыл аймакка тиешелүү болгон ар бир айылдагы техниканын күчү менен тазалануучу 28 чакырым айыл чарба каналы жана ички каналдар, капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 919 га айдоо жерлери сугат суу менен сугарылат.

2024-жылдын май айынын башында айылдарда   эгин талааларга мураптар, кароолчулар шайланып, кайтаруу жана сугаруу иштери колго алынган.

180 даана техникалар дыйкандарга кызмат кылат

Каныш-Кыя айыл аймагында тоют камдоо иштери боюнча айылдагы техникалардын даярдыгын караганда, 18 даана КПС трактору, 45 преспадборщик, 30 трактор косилька жана 18 даана тырмоо жана 180 даана чөп ташуучу техникалар кышка тоют даярдоодо кызмат кылууда.

Ошондой эле тоют чөптөрдү убагында камдоо максатында коңшу райондордон да техникалар тартылып, мал жандыктардын кышкы тоюту даярдалып берилет.

Каныш-Кыя айыл өкмөтү боюнча тоют  2024-жылга 33600 план берилип, жалпы дүң жыйым   33762 тонна тоют жыйналып 110,0% аткарылган болсо, 2025-жылга карата даярдыктар башталды.

Айылдар ортосундагы жолдор тазаланууда

2024-2025-жылдагы кыш айларында жалпысынан 95828 метр  айылдардын ички жолдору  өз убагында, Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын техникалары менен жааган кардан тазаланып турду.

Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, Чаткал дарыясынын борбордук жолго, айыл ичиндеги турак үйлөргө жакындап калган кооптуу болгон жээктерин бекемдөө жана суунун нугун буруу үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникалары узундугу 555 метр, туурасы 20 метр казылып, Чаткал дарыясынын нугу бурулду.

Кыш мезгили өтө оор жана жылдагыдан кардын көлөмү көп  болгондуктан, мал-жандыктарга камдалган тоют тартыштыгына жана чөптүн кымбаттыгына байланыштуу, жергиликтүү жашоочулар бир маал мал-жандыктарын жакынкы жайыттарга жайып туруу үчүн, Кайың-Суу, Ичке-Сай, Шамалдуу-Сай жана Каныш-Кыя, Сай жайыттарынын жолдору Жайыт комитетинин техникалары менен жол кардан тазаланып турду.

Азык-түлүк программасына түзүлгөн долбоордун негизинде Каныш-Кыя айылындагы Чалике участкасындагы кооптуу болгон Чаткал дарыясынын жээгин бекемдөө үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан габион сетка алынып берилип, тизмедеги жумушсуз жарандар тартылып, габион сетка басуу иштери колго алынып, 250 метр болгон дарыя жээги коопсуздандырылды.

Эгин талааларга комбайн жүрүүчү жерлердин жолдорун грейдер техникасы менен оңдөп түзөө иштери жүргүзүлдү.

Жакырчылыкты азайткан Соцконтракт

2022-2023-жылдары соцконтракт алган  94 үй-бүлө окутулуп, ар бирине 150кг ун, 15 литр май ар бирине  берилди.

Айыл аймактагы социалдык контракттын катышуучуларын айыл аймактын соцкызматкери жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, жардамга муктаж жарандарга жакындан жардамдар берилип турат.

Айтмакчы, айыл аймагында жакырчылыкты жоюу же азайтуу максатында, атайын долбоор менен 20 тигүүчүлүк, 20  ашпозчулук кесипке кыз-келиндерди окутуу уюштурулуп, ар бирине 150 кг ун, 15 литр май берилди.

Жашыл Мурас эл арасында

2024-жылдын 8-май күнү Чаткал райондук администрация башчысынын (аким) буйругунун негизинде жергиликтүү жашоочуларды ишембиликке чыгарып, ар бир айылдын   борбордук көчө жээктериндеги таштандыларды тазалоо, тал-теректерди актоо иштери жүргүзүлдү.

Аймактын  айылдарындагы көп жылдан бери кыйынчылык жаратып  келген каналдар тазаланды. Ал эми Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан экскаватор техникасы жана күйүүчү май бөлүнүп, канал жээгиндеги жергиликтүү тургундар тарабынан короолонгон чарбактар, тигилген тал-теректер алынып,   каналды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ички  каналды оңдоп-түзөө иштеринде жээктериндеги алынган тал-теректерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кышка отун менен камсыз кылуу максатында 3 (үч) жаранга берилди.

Жергиликтүү бийлик эл менен…

Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан Таш-Көмүр шаарчасындагы баасы менен алынып келинген көмүр менен жергиликтүү тургундар толук камсыздалды.

2024-жылдын июль айында айыл ичиндеги чечилбеген жолдор, короо жайлар боюнча  ар кандай жер талаш иштери, түзүлгөн райондук комиссия менен биргеликте жерине барып түшүндүрүү, чечүү иштери жүрдү.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан ар кандай кырдаалга даяр болуу максатында иш-чаралар өткөрүлүп, ошол иш-чаранын негизинде кооптуу болгон Чаткал дарыясынын жээгине габион сетка басуу иштери аткарылды.

Ал эми, Жаңы-Базар, Курулуш, Чандалаш  айылдарындагы ички көчөлөрдөн 15 км көчөгө шагыл төгүлүп, тегизделип, пайдаланууга берилди.

Декабрь айынын аяк жагында  бардык айылдардагы түнкү жарык кошумча жарык күйбөй калган прожекторлор алмашылып жаңыланды

Сууктан айылдардын таза суу түтүктөрү жарылып, суулар тоңуп калгандыктан Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жарылган трубаларды  ширетип, Погрузчик техникасы менен сууну Чаткал дарыясы тарапка буруу иштери жүргүзүлдү.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар