Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңеш өзүн өзү таркатты

Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатты

Парламент 25-сентябрда депутаттар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатышы жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алды.
Токтомдун долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитет тарабынан депутаттардын өз демилгеси менен кароого коюлган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча токтомду 84 депутат колдоду.
Тиешелүү токтом долбоору кабыл алынган соң төрага Нурланбек Тургунбек уулу кайрылуу жасап, бул чечим тарыхый мааниге ээ экенин билдирди.
Тагыраагы, эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу парламент өзүн өзү таратуу боюнча чечимин кабыл алганын белгилеген төрага 1994-2007-жылдары ошол кездеги президенттердин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылганын эске салды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар