Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Адам жууй турган" машина чыкты

«Адам жууй турган» машина чыкты

Япон инженерлери адамды 15 мүнөттө жуунтуп, сергитип коё турган “адам жуугуч” Mirai Ningen Sentakuki машинасын жасап чыгышыптыр.

Бул техниканын бир чоң адам бата турган капсуласы жылчыксыз жабылып, жасалма интеллект менен жабдылган. Капсуладагы жогорку ылдамдыктагы, 3 микрометр диаметрдеги суу чачыратмалары адам денесин кылдаттык менен тазалап чыгат. Ошондой эле капсула ичиндеги датчиктер дененин температурасын, пульсун көзөмөлдөп, жуунтуу адамга жагымдуу болушун шарттайт. А жасалма интеллект болсо адамдын эмоционалдык акыбалын анализдеп, ошого жараша капсуланын ички бетине аны тынчтандыра турган видеолорду чыгарып берет.  Аталган техника быйыл Осакодогу Expo 2025 көргөзмөсүнө коюлуп, 1000 адамга түшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Sanyo Electric  компаниясы келечекте бул жабдыкты ар бир адамга жеткиликтүү кылууну пландаштырып жатыптыр.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар