Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жасалма интеллектке байланыштуу чоң жыйынында “Жасалма акыл технологиялары тынчтык, чыр-чатактардын алдын алуу жана адам өмүрүн коргоо максаттарына гана кызмат кылууга тийиш”, — деп белгиледи. Мамлекет башчысы сөзүнүн башында Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёнго иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине жасалма интеллект маселесин киргизүү өтө өз убагында жана актуалдуу экенин баса белгиледи.
Кыргызстан жасалма интеллект технологияларын мамлекеттик башкарууга жана экономиканын негизги секторлоруна киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Маселен, 2024-2028 жылдарга карата Санарип трансформация концепциясынын негизинде бир катар демилгелерди ишке ашырылууда, алардын ичинде улуттук жасалма интеллект платформасын, жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөө борборун түзүү, адистерди даярдоо үчүн билим берүү программалары иштелип чыгууда.
Кыргыз лидери жасалма интеллект XXI кылымдын эң алгачкы жана трансформациялык технологиялардын бири болуп калганын жана биздин жашоо турмушубуздун бардык тармактарына таасир этип жатканына токтолуп, жасалма интелектти аскердик максаттарда колдонуу, автономдуу курал системаларын өндүрүү жана иштеп чыгуу, киберкоопсуздукка жана дезинформацияга байланышкан коркунучтар бар экендигине басым жасады.
“Бул тобокелдиктер эл аралык коомчулуктун ишенимине доо кетирет, стратегиялык туруктуулукка коркунуч жаратат жана жаңы жаңжалдардын чыгышына алып келиши толук мүмкүн.
Кыргызстан бул технологияны тынчтык, чыр-чатактардын алдын алуу жана адам өмүрүн коргоо максаттарына гана кызмат кылат деген бекем ишеничте”, — деди мамлекет башчысы. Буга байланыштуу ал дүйнө коомчулугун жаңы технологияларды жоопкерчилик менен пайдалануу боюнча эл аралык стандарттарды жана эрежелерди иштеп чыгууга, жасалма акылдын артыкчылыктарын бардык мамлекеттерге — өнүккөн гана эмес, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө да жеткиликтүү кылууга чакырды.
Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин коюп жатканын билдирген президент Садыр Жапаров, эгерде биздин өлкө шайланып калса, анда жасалма интелектти тынчтык жолунда колдонуу боюнча аракеттерге өз салымын кошууга жана биргелешкен демилгелерди активдүү илгерилеттүүгө даярдыгына ишендирди.

