whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЫсык-Атада жылына 13 млн балапан чыгаруучу завод курулат

Ысык-Атада жылына 13 млн балапан чыгаруучу завод курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Атанын Сары-Жон айылындагы «Сары Жон» асыл тукум канаттуулар заводунун курулушуна капсула салды. 

Маалыматка ылайык, долбоордун максаты фермерлердин балапан багытындагы жумурткаларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу жана импортту алмаштыруу маселесин чечүү болуп саналат.

«Бул өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, тоок жумурткасын өндүрүү наркын төмөндөтүүгө болгон маанилүү кадам. Долбоорду ишке ашыруу дыйкандарга, канаттуулар фермаларына жана тоок жумурткасын сатып алуучуларга да пайда алып келет», — деди Бакыт Төрөбаев.

Министрликтин айтымында, «Сары Жон» асыл тукум канаттуулар заводу өндүрүш процесстерин автоматташтыруу жана биокоопсуздук жаатындагы эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап европалык жабдуулар менен жабдылат. Жылына 13 миллионго чейин балапан чыгаруучу инкубатор курулуп, 6,5 миллионго чейин бир күндүк тоок балапандары чыгарылат.

Белгилей кетсек, долбоор Айыл чарба министрлигинин, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар