whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.01.2026
-12.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖапон делегациясы менен саламаттыкты сактоо тармагы талкууланды

Жапон делегациясы менен саламаттыкты сактоо тармагы талкууланды

25-июнда «Ынтымак-Ордодо» Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Tarutoko Research Institute Ltd жапон компаниясынын башчысы Синдзи Тарутоко менен жолугушту. 

Тараптар кадрдык ресурстар, саламаттыкты сактоо, спорт жана балдар тамактануусу жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

«Сизге балдар тамактануусу, саламаттыкты сактоо, адам ресурстарын өнүктүрүү жана спорт тармагындагы адистер кирген япониялык делегациянын түзүлүшүнө жеке көмөктөшкөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Алардын катышуусу Кыргызстандын социалдык өнүгүүсү үчүн, айрыкча саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы, жаштар саясаты жана спорт тармактарында абдан маанилүү», — деп белгиледи Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов ошондой эле Кыргызстандын жаш адистеринин Жапонияда такшалмадан өтүүсүн жана убактылуу ишке орношуу программаларын уюштуруу боюнча кызматташуу маселелерин козгоду.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар