Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргыз-британ кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-британ кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматында экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу негизги багыттардын бири экенин белгилеп, Кыргызстан бардык өлкөлөр, анын ичинде Улуу Британия менен өз ара пайдалуу инвестициялык өнөктөштүккө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде элчи Николас Боулер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, британиялык компаниялар Кыргызстанда иш алып барууга кызыкдар экенин айтты.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөө боюнча кызматташууну улантууга макулдашты.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар