Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Жапон-кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын (JKEEA) төрагасы Тарутоко Шинжи менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-жапон кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бакыт Төрөбаев жаңы кызматында реалдуу секторду өнүктүрүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу багытына жооп берерин белгилеп, Кыргызстан бардык мамлекеттер, анын ичинде Япония менен өз ара пайдалуу инвестициялык өнөктөштүккө даяр экенин айтты.
Ал Тарутоко Шинжини ассоциациянын түзүлүшү менен куттуктап, бул демилге эки өлкө ортосундагы институционалдык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, ассоциация эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүдө жана биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда узак мөөнөттүү механизм болуп саналат.
Ошондой эле атайын өкүл кыргыз-жапон мамилелеринде оң динамика байкалып жатканын белгиледи. Борбор Азия өлкөлөрү экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды издеп жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде Тарутоко Шинжи жапон компаниялары Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин айтты. Ал түз диалог жана институционалдык колдоо экономикалык жана инвестициялык демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү экенин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүп, Кыргызстандын экономикасына жапон инвестицияларын тартууну улантуу боюнча макулдашышты. Ар кандай тармактарга жапон компанияларынын кызыгуусу өсүп жатканы белгиленди.
Приоритеттүү багыттар катары саламаттык сактоо, билим берүү, санарип технологиялар, туризм, энергетика, инфраструктура, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү тармактары аныкталды.

