whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.12.2025
-15.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү«Мейкин Азия 2025»: ыр салтанаты

«Мейкин Азия 2025»: ыр салтанаты

Ысык-Көлдө өткөн IV эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык музыка фестивалынын экинчи күнүндө конкурсанттар дүйнөлүк музыкалык репертуардын ар түрдүү жанрларындагы белгилүү чыгармаларды аткарышты. Катышуучулар англис, испан, француз жана башка тилдерде ырдоо менен бирге вокалдык чеберчилигин, артисттик жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Аны менен катар ар бир конкурсант өзүнүн жеке стили менен көрүүчүлөрдү таң калтыра алды.

Бул күнү фестивалга атайын чакырылган коноктор – Башкортостандан келген Ay-Yola этно-фольклордук тобу жана Армениялык белгилүү ырчы Севак Ханагян өз репертуарындагы популярдуу чыгармаларды аткарып беришти.

Ay-Yola тобу башкыр элинин улуттук музыкалык элементтерин заманбап аранжировка менен айкалыштырып тартууласа, Севак Ханагян эл аралык аренада таанылган чыгармаларын жогорку деңгээлде аткарып берди.

Севак менен баарлашканыбызда, ал Кыргызстанга ондон ашык жолу келип, бул өлкөнү меймандос жана боорукер эл катары баалаарын белгиледи.

«Адамдары боорукер, меймандос, сылык жана ар дайым жылуу тосуп алышат, ошондуктан бул жакка кайра-кайра келгиң келет», – деди ал.

Аны менен катар, фестивалга келген катышуучулардын даярдыгы жогору болгонун, ошондой эле иш-чара мыкты уюштурулуп, техникалык жактан да жогорку деңгээлде камсыздалганын кошумчалады.

22-июлда “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын жабылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух катышты.

 

Бул күнү кыргыз эстрада ырчылары Бегимай Турусбекова менен Руслан Асанкан жана Монголиянын мамлекеттик симфониялык ансамбли атайын концерттик программа тартуулашты.

Андан соң фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелүү орундар ыйгарылды. Конкурстун жыйынтыгы калыстар тобунун баалоосу менен катар көрүүчүлөрдүн онлайн добуш берүүсүнүн негизинде чыгарылды.

Сынактын баш байгесин румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляша ээледи. Анын өзгөчө үнү, аткаруучулук чеберчилиги жана терең эмоциясы калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, эң жогорку баага татыды.

Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан жаш талант Урмат Сатыбалдиев 1-орунга ээ болуп, мекендин намысын бийик деңгээлде коргоду. Анын чыгармасында улуттук музыкалык өзгөчөлүктөр заманбап агымдар менен айкалышып, эл аралык сахнада көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.

Экинчи орунду кыргызстандык  Камир, россиялык Кира Гоголадзе жана беларустук Виталий Дроб ээлешти. Ал эми үчүнчү орунга татыктуу деп Полина Тасева (Түндүк Македония), Эже Ата (Түркия), Тулкин Тажиев (Өзбекстан) табылды.

Ал эми көрүүчүлөрдүн онлайн добушу менен “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” наамына Саха Республикасынан келген Кирилл Матвеев ээ болду.

Эл аралык калыстар тобу жеңүүчүлөрдү бир нече күндүк тандоо процессинен кийин, аткаруучулардын чеберчилигин, артисттигин жана оригиналдуулугун эске алуу менен аныктаган.

Фестивалдын жалпы байге фонду 20 миң АКШ долларын түздү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылып, баш байгенин ээси 8 миң долларга ээ болду. Биринчи орунду алган катышуучуга 6 миң доллар ыйгарылса, экинчи орун үчүн 4 миң, ал эми үчүнчү орунду ээлегенге 2 миң долларлык сыйлык берилди.

Иш-чаранын кульминациясында дүйнөгө таанымал казакстандык ырчы Димаш Кудайберген сахнага чыгып, көрүүчүлөргө өзгөчө эмоция тартуулады.

Ошондой эле концерттин жүрүшүндө Димаш Кудайбергенге Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылды. Димаш сыйлык үчүн өлкө башчы Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Аталган наамды кыргыз-казак элдеринин бекем достугунун символу катары кабыл аларын айтты.

Ошентип, Чолпон-Ата шаарында өткөн IV эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык музыка фестивалы салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды. Баш байгенин ээси, румыниялык Мария-Диана Стынчуляша сахнага чыгып ырдап, анын аткаруусу фейерверк менен коштолду.

Эске сала кетсек, “Мейкин Азия” фестивалын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Мейкин Азия» коомдук фонду уюштурду. Ага Азия жана Европанын 25 өлкөсүнөн келген таланттуу ырчылар менен белгилүү аткаруучулар катышты. Фестивалдын башкы максаты – жаш таланттарды колдоого, элдердин достугун жана маданий диалогду чыңдоого багытталган.

P.S. Эл аралык сынактын биринчи күнүнөн тартып, фестивалдын жүрүшүн, кызыктуу учурларды жана элдин маанайын “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин журналисттери жеринен чагылдырышты.

Айгерим Качкынбекова,
Уулжан Бейшенбекова , “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар