Президент Садыр Жапаров мамлекеттик басма үйү “Кыргыз Туусун” түзүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документ мамлекеттик маалыматтык саясатты өнүктүрүүгө, полиграфиялык базаны чыңдоого, мамлекеттик ЖМКлардын туруктуу ишин камсыздоого жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштырууга багытталган.
Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине бир катар мамлекеттик медиа жана басма түзүмдөрүн бириктирүү тапшырмасы берилди. Алардын катарына “Кыргыз Туусу” басма үйү, “Слово Кыргызстана” басма үйү, “Байчечекей” балдар журналы жана “Ала-Тоо” адабий-көркөм журналы кирет. Ал эми “Жеткинчек” гезитинин жана “Кырчын” журналынын редакциялары жоюлат.
Бириктирилген уюмдардын негизинде жаңы мамлекеттик басма үйү — “Кыргыз Туусу” түзүлөт. Министрлер Кабинети жаңы мекеменин жобосун, штаттык түзүмүн жана бюджетин иштеп чыгып, бекитиши керек. Ошондой эле маданият, искусство жана маалымат уюмдары үчүн типтүү штаттык бирдиктер 22 кызмат ордуна көбөйтүлөт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


