БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш кызматтан кетер алдындагы акыркы жылдык баяндамасында дүйнөлүк лидерлерди катуу сынга алды. Анын айтымында, айрым мамлекеттердин аракеттери эл аралык кызматташтыкты “жок болууга түртүп”, дүйнөдө олуттуу геосаясий ажырымдарды жаратууда.
Гутерриш конкреттүү өлкөлөрдү атабаса да, эл аралык укуктун одоно бузулушу глобалдык системага чоң сокку уруп жатканын белгиледи. Ал азыркы дүйнөлүк абалды “өзүн-өзү кыйраткан геосаясий бөлүнүүлөр жана эл аралык укуктун ачык бузулушу” катары мүнөздөп, бул тенденция кооптуу экенин эскертти.
Мындан тышкары, БУУнун баш катчысы Ирандагы кырдаалга дагы бир жолу токтолуп, ал жакта болуп жаткан катуу репрессиялар терең тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди.
Ошондой эле Антониу Гутерриш өнүгүү жана гуманитардык жардам үчүн каражаттардын кескин кыскартылышын катуу сынга алды. Анын айтымында, мындай чечимдер дүйнөнүн эң алсыз аймактарына олуттуу зыян келтирет. Байкоочулардын баамында, бул билдирүү АКШда Дональд Трамптын администрациясы маалында “Америка биринчи” саясатынын алкагында БУУ агенттиктеринин бюджеттеринин кыскартылышына кыйыр шилтеме болуп эсептелет.
Эске салсак, Антониу Гутерриш БУУнун баш катчысы кызматын 2026-жылдын аягында тапшырат.


