Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФранция сентябрда Палестина мамлекетин тааныйт

Франция сентябрда Палестина мамлекетин тааныйт

Франциянын президенти Эммануэль Макрон социалдык тармактарында  билдирүү жасап, Франция Палестина мамлекетин таанууга даяр экенин жарыялады. Анын айтымында, бул тууралуу расмий билдирүүнү сентябрда өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаңы сессиясында жасайт. Бул туурасында Euronews сайты жазды.

Макрондун пикиринде, эгемендүү Палестина Жакынкы Чыгышта коопсуздукту чыңдоого жардам бере алат, бирок ал үчүн Палестина куралдуу күчтөрдөн баш тартып, Израилди толук жана шартсыз таанышы керек.

Бул багытта Макрон Палестинанын администрация башчысы Махмуд Аббаска тиешелүү кат да жөнөткөн. Азыркы учурда Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн ичинен 147си тааныган. Акыркы болуп, бир жыл мурда Ирландия, Испания жана Норвегия таанышкан.

Ал эми Палестинаны мамлекет катары тааныбаган өлкөлөрдүн катарында — АКШ, Улуу Британия, Германия жана Израиль бар.

Эске сала кетсек, конференция башында июнь айына белгиленген, бирок коопсуздук себептеринен улам күзгө жылдырылган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар