Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандар аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эгер шайлоочу 30-ноябрда шайлоо күнү катталган округуна бара албай калса, ал башка округдан добуш бере алат.
«Эгер шайлоочу добуш берүү күнү Кыргызстанда же чет өлкөдө болсо да, добуш бере алат. Мисалы, жараныбыз иш сапар менен АКШда болсо, ал жактагы шайлоо тилкесинен өзүнүн округунун бюллетенин алып добуш бере алат», — деди Шайназаров.
Ошондой эле БШК төрагасы аралыктан добуш берүү менен электрондук добуш берүүнүн айырмасын түшүндүрдү.
Анын айтымында, азыр Кыргызстанда аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат, бирок электрондук түрдө добуш берүү али ишке кире элек.
«Аралыктан добуш берүүдө шайлоочу шайлоо тилкесине өзү барат. Ал эми электрондук добуш берүүдө адам үйүндө отуруп эле телефондон добуш берет. Кыргызстан техникалык жактан буга даяр, бирок добуш сатып алуу тобокелдиги бар. Шайлоочуларды сатып алуу мүмкүн болбогон учурда гана электрондук добуш берүүнү киргизе алабыз», — деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.

