whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЭверестте кар бороонунда калган 900гө жакын турист куткарылды

Эверестте кар бороонунда калган 900гө жакын турист куткарылды

Кытай тараптагы Эверест тоосунда болгон катуу кар бороонунун айынан 900гө жакын турист, гид жана башка кызматкерлер дем алыш күндөрү кыйын кырдаалга туш болгон.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, алардын баары коопсуз жерге чыгарылды. Жалпысынан 580 турист жана 300дөн ашык гид, як баккан пастухтар жана кызматкерлер куткарылган.

Алардын ичинен 350 адам дүйшөмбү күнү түшкө чейин, калган бөлүгү болсо шейшембиде коопсуз аймакка жетишкен.

«Синьхуа» агенттигинин билдирүүсүндө, айрым туристтер суук тийип, тоңуп калышкан. Жаракат алгандарга куткаруучулар тамак-аш, дары-дармек, жылыткыч жана кычкылтек жеткирип беришкен.

Операциянын жүрүшүндө куткаруучулардын ыкчам иш-аракеттеринин аркасында олуттуу жоготуулар катталган эмес.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар