whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАдабият боюнча Нобель сыйлыгы венгриялык жазуучуга ыйгарылды

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгриялык жазуучуга ыйгарылды

Нобель комитети аны “акыр заман коркунучу шартында искусствонун күчүн ырастаган ынанымдуу жана көсөм чыгармачылыгы үчүн” сыйлаганын билдирди.

Ласло Краснахоркаи — венгриялык заманбап классиканын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын белгилүү чыгармаларына “Каршылык меланхолиясы” (1989), “Согуш жана согуш” (1999), жана “Си-ван-му биздин арабызда” аттуу романдары кирет. Жазуучунун алгачкы китеби 1977-жылы жарык көргөн. Ал 2017-жылдан тарта Нобель сыйлыгына талапкерлердин катарында аталган.

Краснахоркаи белгилүү режиссер Бела Таррдын бир катар фильмдеринин сценаристи катары да таанымал. Азыркы тапта ал Италиянын Триесте шаарында жашайт. Жазуучу өзүн Венгриянын премьери Виктор Орбандын саясатына каршы чыккандыктан ыктыярдуу бозгунда жүрөм деп эсептейт.

Өткөн жылы бул сыйлык түштүк-кореялык жазуучу Хан Ганга ыйгарылган. 1901-жылдан бери Нобелдин адабият сыйлыгын жалпы 121 адам алган.

Быйыл медицина, физика жана химия боюнча сыйлыктардын лауреаттары буга чейин белгилүү болгон. Ал эми тынчтык сыйлыгы жума күнү Ослодо жарыяланат. Экономика боюнча Нобел сыйлыгынын ээси 13-октябрда аныкталмакчы.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда — Нобел сыйлыгынын негиздөөчүсү, филантроп Алфред Нобелдин көз жумган күнүндө өтөт. Лауреаттарга диплом, алтын медаль жана 11 миллион швед кронасы (болжол менен 1,1 миллион доллар) өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилет.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар