whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек

Кыргызстан Улуттук Элдик Курултай» ассоциациясынын теңтөрагасы Бейшенбек АБДРАЗАКОВ:“Элдик Курултайдын келечеги алдыда”

Элдик Курултай – эң керектүү институт экенин мезгил көрсөтө баштады. Парламент турса, дагы бир эл өкүлдөрүнүн эмне кереги бар эле деген скептиктердин, элдин бугун чыгарууга арналган “жаңы колизей” атагандардын жаңылганын эл түшүнүп калды.
     Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүк жыйын. Кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет. Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Бүгүн Элдик Курултай уюмдашып, калыпка түшө баштады. Тажрыйбалуу курултайчылардын катмары пайда болгону акыркы жолу өткөн 3-курултайда байкалып турду.

Элдик Курултай – бул элдин үнү. Региондордон шайланып келген делегаттар аймактардагы калктын үнүн бийликке жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдешти.

Элдик Курултайга Президент өзү акыр аягына чейин катышып, делегаттардын ар биринин сөзүн угуп, угуп эле тим болбой, суроолорун, сунуштарын, өтүнүчтөрүн өзү жазып алып, сунуштарды эске алып, алардын ар бирине так жооп кайтарып отурганы институттун баркын көтөрүп, маанисин арттырып жатат.

Дегеле, Элдик Курултайдын элдик институт катары кайра жаралышында мамлекет башчынын эмгеги зор. Эгер, эл башы өзү колдобосо, Элдик Курултай элдик – өкүлчүлүктүк жыйын катары Баш мыйзамыбызга кирет беле, ким билет. “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын кабыл алынышында да салымы чоң.

Элдик Курултайда көрүп, күбө болуп жүрөбүз, анын ишине Министрлер Кабинети толук курамда катышып жатат. Элдик Курултайдын делегаттары трибунага чыгып сүйлөгөндөн тышкары, министрликтердин өкүлдөрүнө өз сунуштарын, элдин суроо-талаптарын кагаз жүзүндө беришип, маселелерди маңдай-тескей отуруп талкуулашууда. Делегаттардын сунуштары, айткан ойлору айтылып эле тим калбай, аткарылып, аткаруу бийлиги тарабынан көңүл бурулуп жатканы да жылдан жылга Элдик Курултайдын кадыр баркын арттыра берери талашсыз.

Өткөн жылдардагы тажрыйба көрсөт-көндөй, Элдик Курултай керек экен. Муну убакыт далилдеди. Курултай эл менен Президенттин ортосундагы түз байланыштын кызматын аткара турганын мезгил тастыктады. Курултай эң башкысы карапайым, элеттик элдин үнүн Президентке жеткирет экен. Жашырганда эмне, көп учурда карапайым элдин үнү, алардын көйгөйү жетпей калып жатпайбы. Андыктан, элдин көйгөйү айтылган, мамлект башчысына түз жеткен аянтча – каалайбызбы же жокпу, бул курултай.

Көп учурда эл арасынан Жогорку Кеңеш бар эмеспи, Элдик Курултай экөө бири-биринин ишмердигин кайталап калбайбы деген өңдүү суроолорду угасың.

Мен өзүм да Жогорку Кеңештин депутаты болгом. Мына быйыл “Шайлоо жөнүндө” жазылган жаңы мыйзамдын негизинде депутаттар шайланганы жатат. Кандай өзгөрүү болот, аны убакыт көрсөтөт. Мурда болсо, партиялык шайлоо системасы киргенден кийин парламентке карапайым элдин өкүлү келбей эле, ал жерде олигархтардын жана партиялардын өкүлү гана отуруп калган. Эгер ушул ыңгайдан алганда, Жогорку Кеңеш менен курултайдын айырмасы асман менен жердей болчу десек болот. Парламентке элдин үнү жетпей, парламенттин трибунасынан жалаң олигархтардын кызыкчылыктары гана айтылып, саясий партиялардын арыгы чабылып калган. А Элдик Курултайда олигархтар жок, ал жерде жалаң карапайым адамдар. Бул биринчиден.

Экинчиден, Жогорку Кеңеш саясатка көбүрөөк аралашат. Парламент депутатынын ыйгарым укугу мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлгө алуу болгону менен, алар өз ыйгарым укуктарына жатпаган иштерге да кийлигишип кеткен учурлар жок эмес. Саясий топтор, олигархтар 30 жылдан бери Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын бизнес кылып келишкен. Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлердин тизмеси түзүлгөн алгачкы күндөн баштап эле мандат сата башташчу. Министрдин, губернатор, акимдин кызмат ордун соодалашчу. Алдыңкы шайлоо тизмесине илингендери депутат болот, өтпөгөнү министр, аким болушат деген жазылбаган мыйзам болгон.

Шайлоо бизнеске айланып, карапайым элдин көйгөйү менен иши да болгон эмес. Шайлоого жумшаган каражатты алар ушинтип эки жол менен табышкан. Биринчиси, шайлоо. Экинчиси – тендерлер. Жол салуу, көмүр ташуу ж.б. чоң тендерлер депутаттардын тиешелүү фирмаларынан ашкан эмес. Кыскасы, алар бардык акча чыккан жерлердин баарына мурдуларын тыга беришкен. Мунун баары парламенттик-президенттик башкаруунун, курултайдын жоктугунун кесепеттери болчу. Азыр президенттик башкарууга өткөнү партиялар мурдагыдай болбой, депутаттар да тизгиндерин тартып калышты. Ошентсе да, айрымдар азыр деле мурдагыдан калган инерцияны кое бергиси келбей келген эле.

Буюрса, “Шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзам менен, акыркы жылдарда кылмыш дүйнөсүнө кандай катуу сокку урулса, партиялык коррупцияга да дал ошондой сокку урулду деп эсептейм. Эми саясатта көп өзгөрүүлөр болорунан үмүт этсек болот.

Мындан ары Элдик Курултайдын мааниси артып, маңызы мындан да кеңейе берет деп ишенем. Элдин үнүн Президентке жеткирген Курултайдын ролун дагы да көтөрүш керек. Мына ошондо, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, коомдук-саясий турмуштун бардык чөйрөсүндө жылыштар башталарында шек жок.

Акыркы гезиттер

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика жана менеджмент кесиби...

Сартбаевдердин династиясы: педагог, дизайнер, химик-биотехнолог

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чарасынын алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70...

Узак жашоонун сыры

Адистердин айтымында, узак жашоонун төмөндөшүнө экономикалык оор шарт, сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, стресс жана экологиялык көйгөйлөр таасирин тийгизет. Айрыкча, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана...

Таштанды — көйгөй эмес, мүмкүнчүлүк

Кыргызстан — тоолуу, суусу мол өлкө. Бирок акыркы жылдары электр энергиясынын жетишсиздиги түйшүккө салып келет. Айрыкча кыш күндөрүндөгү абал баарына белгилүү. Мындай учурда альтернативдүү энергия булактарын издөө...