Бул кайрык “Нуриза Өмүрбаевага”, “Акын сиңдиме” деген ырларында дагы да кайталанып, тереңдетилет. Акын өз жана өзгөлөрдүн жаштыгын, ырларын эңсеп, арман кылганы менен баары бир бактылуу: сүйгөн жары, жандай көргөн төрт баласы, айылдаштары, кичине жана чоң Мекени, акырында колунда калеми бар. Ошондуктан “Мен жашайм, дагы жашайм, дагы жашайм!” деп сыймыктана айта алат.
Адабий чөйрөдө, басма сөздө жактыруу менен сөзгө алынып жүргөн эки акын дос бар. Саясатта гана эмес поэзияда да болот турбайбы. Алар Нарсулуу Гургубаева жана Нуриза Өмүрбаева. Ырларын мурда газеталардан, жаштар поэзиясынын антологиясынан окугам, атүгүл экөө биргелешип кат китеп чыгарганын да билем. Өздөрүн жогорудагы акын айымдар сыңары эле көргөн эмесмин. Аты-жөндөрү, туулган жылдары тууралуу Улуттук жазуучулар союзу 2022-жылы чыгарган байланыш телефондору көрсөтүлгөн китепчеде жок. Укканыма караганда экөө тең алыста (бири Россияда, экинчиси Түркияда) жашап, Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүрүшкөн. Эми гана ыр китепчелери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдым. Экөө тең башкача, жаңыча жазат экен.
Н.Гургубаеванын алакандай эки китебине аттуу-баштуу эки адам баш сөз жазыптыр: “Алыстагы ак жарыкка” (2016) С.Раев, “Дүйнөлөшүмө” (2025) Ү.Култаева. Ал “сүйүүнүн өгөй кызы” болсо да, алыста жүрсө да аялдыгын (“Мен аялмын”), атасы Өмүрдү, энеси Айканды, сиңдиси Айжамалды, досу Нуриза Өмүрбаеваны унутпайт, маркум Э.Иманалиевди, чек араны коргогон жигиттерди жоктойт, өмүрдүн татаалдыгын моюндайт. “Алыстыкты жазыш азыр кандай оор!” дейт. Ошондуктан мигранттардын сөөгүн узаткан “ГРУЗ – 200” деген жүрөк титиреткен ырын жазган. Н.Гургубаева келечектүү, изденгич, жаңычыл (ырларынын түзүлүшү ушундай) акын. Ал аз жазат, саз жазат. Ошондуктанбы, анын акыркы жаңы китепчесине да (91 бет) мурдагы жыйнагынан бир топ ырлар кириптир, анан калса 26 бетин Ү.Култаеванын “Мезгил жана мейкиндиктин көркөм модели” аттуу татаал тилдеги, бирок маңыздуу илимий макаласы ээлептир.
Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекет” китепчесине да С.Раев баш соз жазыптыр. Анда төмөнкүдөй таамай байкоо бар: “Баягы бир жылдары акын карындашым Нарсулуу Гургубаеванын кол жазмалары менен таанышып калдым. Колумда болгону элүүгө жетип-жетпеген ырлар. Ал бул ырларын “Өмүр бою жазган ырларым”, – деп мүнөздөдү. Болбосо Нарсулуунун ыр жазганын жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери билчү элем. Нуризанын да ыр куржуну ушул алакандай кол жазма экен”. Эгер Н.Гургубаевнын ырлары элүүгө жетип-жетпесе, Н.Өмүрбаеваныкы андан да аз – бар болгону отуз. Элүү бет китепчесинин 8 бети С.Раевдин баш сөзүно таандык. Анда ал Н.Өмүрбаеванын ырларын “интеллектуалдык поэзия” деп мүнөздөптүр. Менимче, андай эмес, тескерисинче, сагыныч менен кусалыкка, турмуштун татаалдыгына, дүйнөнүн карама-каршылыктарына басым жасаган ырлар. Аларды термин менен айтканда элегия, медитация деп койсо болот. Ырлардын аталышына көңүл бөлөлү: “Таштап чыктым күндөрүмдү бороондуу”, “Өлдү” дешти, ажалга ким көнбөгөн?”, “Өмүр муңу көздөрүмдөн көрүнбөйт”, “Билбейм дагы канча жашайм бекинип…”, “Чарчатат ушул турмуш башаламан”. Достору Махабат Касеиновага, Нарсулуу Гургубаевага, Мекенге арноолору да армандуу, кайгылуу. М.Касеиновага арнаган ырынын акыркы, жыйынтыктоочу саптары бул:
Биз дүйнөнү багынтабыз деп жүрүп,
Көр турмушка багындык да, унтулдук.
Н.Гургубай менен Н.Өмүрбаеванын өз ара санаалаштыгы, бекем достугу бири биринин китептерине түзүүчү, редактор болгонунан да байкалат. Бул, албетте, жакшы сапат, башкаларга өрнөк.
Эгер жогоруда кепке тартылган акын айымдардын өңдөрүн көрбөй, жүздөрүн тааныбай китептерин гана окусам, төмөндө сөз болчу эр азамат үч акынды теледен көрүп, радиодон угуп жүрдүм. Алар А.Исмаилов, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев. Булардын эң чечени, сөзмөрү, акыл-кеңеш айтуучусу – Алтынбек Исмаилов (1982). Анын “Агыш түн” (2020) деп аталган китепчеси ырларынан жана котормолорунан түзүлүптүр. Жыйнак үч бөлүмдөн турат. Биринчиси – табият кооздугуна, айыл турмушуна, үй-бүлөгө, балалыкка жана жаштыкка, алгачкы ашыглыкка арналган. Айрыкча мазмундуусу, баалуусу “Таш күзгү” деп аталган экинчиси. Анда элибиздин кемчиликтери кескин, бирок адилет сынга алынган. Акындын ачуу сезимдери, жан дүйнөсүн түйшөлткөн ойлору мынабулар: “Ойгонгула!”, “Үшкүрүк”, “Жаным сыздайт”, “Изденүү”, “Тазалануу”, “Эргүү”, “Аруулануу”. Үчүнчү бөлүм “Сүйүүнүн султандары” деп аталып, улуу акындар Ж.Руми менен Юнус Эмиренин философиялык ырларынын кыргызча котормолорун камтыйт.
А.Исмаилов жаш болсо да таанылган акын сыпатында өзүнөн кичүү Бердибек Жамгырчиевдин “Романтика” (2022. – 228 бет) аталган калың ыр китебине көлөмдүү баш сөз жазыптыр О.Ибраимов менен жарыша. Китептин акыр жагына классик акыныбыз С.Жусуевдин Б.Жамгырчиев 26 жашында чыгарган “Жүрөктө калган бир ысым” деген туңгуч жыйнагына сүйүнүп жазган (С.Жусуев жаштарга такай көңүл бурчу) “Жаш акын эмес, маш акын” аттуу макаласы, маркум З.Ажыматовдун “Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, Бердике!” деген батасы жарыяланыптыр. Эки акын тең алгачкы жыйнагын бийик баалап, “кыргыз поэзиясынын туусун алдыга көтөргөн мыкты акындардын бири” (С.Жусуев), “жаркыраган жылдызга айланарынан” (З.Ажыматов) шек санабаптыр.
“Романтика” ырасында эле ушундай. Анын чабыты кенен, мазмуну терең, тематикалык жана ыр түзүлүшү, өлчөмдөрү көп түрдүү. Акындын ырларында өнөр, ата-эне, балалык, жаштык, махабат, Ата-Журт, өмүр, абийир, бакыт, өтүнүч, үмүт, табият, саясат, жашоо, жалгыздык жана башкалар – деги койчу баары бар. Ошого жараша китепти “Сегиз саптар”, “Алты саптар”, “Төрт саптар”, “Эки саптар”жыйынтыктайт. Акыркыдай ырлар азыркы кыргыз поэзиясында улам көбөйүп, салтка айланып баратат.
Буга Максат Жангазиевдин (1992) “Жүрөк үнү” (2014) деген чакан китеби да далил. Мында “Кыргыз эмес кыргыз жерин сүйбөгөн”, “Аруу дүйнө”, “Арсыздар төрдө басат, асылдар көрдө жатат”, “Арзуу кайрык”, “Курбусуз куплеттер” деп аталган бөлүмдөр бар. Аталыштарынан көрүнүп тургандай, Ата Мекен, ыйык үй-бүлө, арзуу, табият, адамдардагы жакшы-жаман сапаттар – жаш акындын жан дүйнөсүн терметкен темалар. “Курбусуз куплеттер” – кадимки төрт саптар.
“Жүрөк үнү” М.Жангазиевдин студент кезекте чыгарган китеби экен. Мен аны “Азаттык” үналгысы аркылуу билип жүрөм. Совет учурунда Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы деп аталып, жаштарга берилчү (убагында мен да алган элем), азыр Ч.Айтматовдун ысымы менен аталып калган жаштар сыйлыгынын лауреаты экенинен да кабарым бар. Өзүн көрө элекмин. Акыркы мезгилде акындардын фестивалдарында алдыга чыгып, байге алганынан кабарым бар. Анын көптөн бери чыга элек жаңы китептерин көргүм келет.
Жогоруда сөзгө тартылган жаштардын баары – акындар. Алардын катарында Мирлан Самыйкожо (1984) да бар. Анын азгантай ырларын”Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясынан” (2011) окугам.Андан бери өзүнчө китеби чыга элек.Ошентсе да ал алып барган телекөрсөтүүлөрдөн жана азыркы Жогорку Кеңештеги депутаттыгынан улам улутман, чынчыл экенин байкап, урматтап жүрөм.
Акыркы кездерде бир кыйла тукулжурап калган проза жанрына Махабат Саидрахманова (1983) деген жаңы ысым жаңычыл, табылгалуу чыгармалары менен келип кошулгандыгын айтпаса болбойт. “Бул ысым менен кошо үмүт, келечек, кыргыз адабиятындагы бир булактын көзү ачылып жаткандыгы жакшы жышаан”, – дейт С.Раев анын “Шаарчадагы жаз” (2024) аттуу жыйнагына жазган баш сөзүндө. Деги эле С.Раев азамат: дайыма жаш акын, жазуучулардын китептерине кызыгып, баш сөз жазып, батасын берет. Мен анын М.Саидрахманованын өзүнө жана китебине берген баасына макулмун. Анткени “Шаарчадагы жазга” кирген он аңгеме тең кызык, ар түрдүү курактагы адамдардын тагдырын, кулк-мүнөздөрүн, жашоо ыңгайын ишенимдүү чагылдырат, тили да жөнөкөй, жагымдуу. Ушул жактары менен ал Т.Шайдуллаеванын аңгемелерин эске салат. Айырмасы – Т.Шайдуллаева айыл турмушун, андагы адамдардын өзгөчөлүтөрүн таамай тартса, М.Саидрахманова басымды шаарда жашаган адамдарга бурат, алардын жүрүм-турумун, психологиясын даана көрсөтөт. Мен бул жаш калемгерди көрө элекмин. Билишимче өкмөттүк гезиттерде иштейт. Чыгармачылыгы өркүндөп, арта беришин каалайм.
Драматургия
Кыргыз элинде эзелтеден лирикалык, үрп-адаттык, Акыл-насыяттык жана эпикалык поэзия мыкты гүлдөгөн, “Манас” үчилтиги дүйнөлүк бермет деңгээлине жеткен. Оозеки кара сөз да аңыз, уламыш жана жомок түрүндө эл арасында айтылган, чечендик өнөр жайылган. Алмак-салмак айтышуу, куудулдук кылуу, ыр менен кыймылдуу оюн-зоок уюштуруу театр өнөрүнүн баштапкы көрүнүштөрү болгон. Бирок бизде накта драматургиялык чыгармаларды жазуу, сахнага коюу өнүккөн эмес. Андай иш Совет доорунун 1920-жылдарында жаралып, бара-бара алгачкы акын, жазуучуларМ.Токобаев, С.Карачев, Ш.Көкөнов, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, К.Жантөшев, А.Токомбаев ж.б.пьесалар жазышкан. Бирок чыныгы кесипкөйлүк деңгээл 1950-жылдардан бери Т.Абдумомуновдун, Б.Жакиевдин, М.Байжиевдин, М.Тойбаевдин драма жана комедияларынан башталган. Кийин көп эле калемгерлер бул жанрларга кайрылышты, ар кандай деңгээлдеги чыгармаларды жаратышты. Арасында Ш.Садыбакасов, Ж.Садыков, М.Кадыракунов, М.Гапаров, М.Мамазаирова, Ж.Өзүбекова, К.Зарлыкова, Э.Эрматов ж.б. бар эле. Алар тийди-качты дегендей, башка короодон – поэзия менен кара сөздөн келип өздөрүн сынап көрүшкөн болчу. Жазгандарынын ичинде мыктылары да (Ш.Садыбакасовдун, “Ак боз аты”, Ж.Садыковдун “Манас” үчилтиги, М.Гапаровдун “Күнөстүү аралы” сыяктуу), ортозаарлары да, начарлары да бар. Алар совет доорунун туундулары.
Эгемендик жылдары көңүл бурдурган үч жаңы драматург пайда болду. Алар С.Раев, Б.Калчабаева, К.Иманалиев. Мен С.Раевдин (1958) аңгеме, баян, романдары, ыр китеби тууралуу мурда жазгам. Бул саам кошумчалап кетерим – ал драматургиянын да (“Илегилек” жыйнагы, 2019. – 276 бет) устасы. Кээ бир пьесалары (“Барсбек”, “Ханышанын көз жашы”) боюнча коюлган спектаклдерди көргөм. Ж.Сейдакматова ойногон өзгөчө ролдорду унутуу кыйын. С.Раев пьесаларында тарых менен азыркыны, чындык менен шарттуулукту, абсурдду, кайгы менен күлкүнү айкалыштыра билет. Кээ бир пьесаларын өзү режиссер болуп коюп жүрөт. Ч.Айтматов менен М.Байжиевдин жолун улантып, пьесаларынын, романдарынын эл аралык, дүйнөлүк деңгээлге чыгышы – адабиятыбыздын аброю, жаңы чабыты.
Бурул Калчабаеванын (1951) “Баяндуу махабат” (2018) аттуу драмалар жыйнагы жарымы советтик мезгилде, жарымы эгемендик учурда жазылган чыгармалардан түзүлүптүр. Моюнга алсам, мен булардын бирин да спектакль түрүндө көргөн эмесмин. Бирок адабий тексттерин калтырбай окудум. Убагында драматургия боюнча бир катар советтик жана чет элдик изилдөөчүлөрдүн китеби менен таанышып, алгачкы кыргыз пьесаларын талдоодо колдонгон элем. Жакында англис Лайош Эгринин “Драматургия өнөрү” аттуу олуттуу китебинин орусча котормосун окуп, жакшы жана жаман пьеса кандай болорун кылдат талдап, түшүндүргөнүнө ыраазы болдум. Ушул көз караштан алып караганда Б.Калчабаеванын тарых менен азыркы турмуш көрүнүштөрүнө, Алыкулдун тагдырына, армандуу махабатка жасаган реалисттик мамилеси, түзгөн жандуу каармандары, кырдаалдары жаман таасир калтырбайт, кызыгып окуганга жарайт. Алар сахнада кандай көрсөтүлөт – башка кеп.
Кайрат Иманалиевдин (1977) “Драмалары” (2024) С.Раев сыяктанып аңызды, уламышты, санжыраны, тарыхый каармандарды жана окуяларды, азыркы турмушту кошо камтыйт: “Айкөлдүн ак жарыгы”. (Манас), “Коркут” баяны аңыз менен шарттуулукту реализм менен кынаштырат, “Атаке баатыр” (М.Абылкасымова менен авторлош жазылган), “Керээз” (Боронбай бий жөнүндө), “Курманжан датка” – тарыхый чыгармалар, Үмүт” монодрамасы – согуштан кайтпай калган эки уулун кырк жыл үмүтүн үзбөй күткөн жесир аялдын тагдырын баяндайт, кайсы бир деңгээлде Ч.Айтматовдун Толгонайы менен Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасын эске салат. Мен театрдан Боронбайга арналган тарыхый пьесасын көргөм, быйыл Т.Айтматовдун кайгылуу да, баатырдык да образын жараткан “Акыркы кат” драмасына бардым. Жалпысынан алганда, К.Иманалиевдин драмутургиялык тажрыйбасы такшалып, өзү кемелине келип баратканы жакшы көрүнүш.
Адабият таануу жана сын
Ар бир табийгый жана руханий кубулуш сыяктуу адабияттын да өз илими бар. Ал адабият таануу деп аталып, үч тармактан – адабият теориясынан, тарыхынан жана сындан куралат. Бул илимди, айрыкча сынды 1920-жылдары Б.Данияров менен Т.Жолдошев баштап, 1930 – 1940-жылдары К.Рахматулин, Т.Саманчин, Ж.Самаганов уланткан. Бирок чыныгы кесиптик деңгээлге 1950 – 1960-жылдары Б.Керимжанова, Ш.Үмөталиев, К.Асаналиев, К.Укаев, М.Борбугулов, К.Бобулов, С.Жигитов, К.Артыкбаев, Т.Аскаровдордун эмгектеринде көтөрүлгөн. Андан кийин биздин муун жаңы деңгээлге чыгарган. Адабиятчылардын жана сынчылардын акыркы алпы, өмүрүнүн акырына чейин күрөшкөнү Кадыркул Даутов болду көрүнөт.
Акыркы убактарда “адабият илими жоголду, сыны өлдү” деген пикирлер айтылып, жазылып жүрөт. Мен аларга кошула албайм. Анткени дал эгемендик жылдарда М.Борбугуловдун “Адабият теориясы” деген чоң китеби биринчи ирет чыкты, анын жолун жашыраак кызыбыз Д.Асакеева улантты. Академик А.Акматалиевдин жетекчилиги астында он томдук “Кыргыз адабиятынын тарыхы” жарыяланды, аксакал адабиятчылар О.Сооронов, С.Байгазиев, Л.Үкүбаева, мен, О.Ибраимов бир нечелеген китептерибизди элге тартууладык, Э.Нурушев, К.Ибраимов Ч.Айтматовдун чыгармаларын жаңыча талдаган, С.Алахан унутта калган акын-жазуучуларды кайра караган изилдөөлөрүн бастырышты. Бул илимге Ү.Култаева да активдүү аралашып жүрөт. Кадимки сынды Э.Нурушев, К.Абакиров, А.Медетов, “Кыргыз Туусунда” эмгектенген Б.Таштаналиев үзбөй жарыяланган көрсөтүп жатышат. Алардын жолун жолдоп, мурда саясат таануу жаатында жана поэзияда өзүн сынап жүргөн Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеп” деген жаңы үндүү китебинин чыгышы (2025) мени чындап кубандырды.
Анткени сын жазыштын өзүнчө кыйынчылыктары, түйшүктөрү бар. Айрыкча капиталисттик шарттарда. Алар жөнүндө америкалык көрүнүктүү адабий сынчы М.Гайсмар күйүп-бышып айтканын мен 1977-жыл жарыяланган “Жаш сынчылардын калыптанышы: чыныгы жана кайчылаш жолдор” аттуу чоң макаламда келтирген элем: “Кошмо Штаттарда азыр адабий сынчылык менен даңкка да, дөөлөткө да жете албайсың. Сын жазууга түрткөн нерсе таптакыр башка: иштин өзүнө кызыккандык, зарылдыкты сезүү жана милдетти аңдоо”. Жапайы капитализм араанын ачып турган биздин шартта адабият илимин, сынды алдыга жылдыруу – коомдук муктаждыкты сезген абийирдин, ыймандын гана иши болуп калганын ким танат?
Романдар жана “романдар”
Макаланы аяктап баратып кийинки кезде жанданган жараксыз, жагымсыз, кейиштүү көрүнүштү – колунан келсе да, келбесе да роман жазууга жана жарыялоого тырышкандар көбөйгөнүн белгилеп эле эмес, айыптагым келет.
Роман – адабияттын эң татаал, чоң жанры. Мен анын дүйнөлүк теориясын, тарыхын жана тажрыйбасын көп жыл изилдегем, ага салыштырып кыргыз романдарынын жаралышын, калыптанышын, кийинки абалын талдап кыргыз жана орус тилдеринде атайын макалалар, китеп жарыялагам. 1982 – 1983-жылдары “Ала-Тоого” жана Москвадагы “Дружба народов” аттуу беделдүү журналдарга “Ромндын кези келдиби?” деген чөң макала жарыялап, кыргыз адабиятында романдар күтүрөп көбөйүп жатканын, бирок алардын саны эмес сапатына өтүү зарылдыгын билдиргем.
Андан бери эмне болду?
Шүгүрчүлүк, Т.Сыдыкбековдун, Т.Касымбековдун, К.Осмоналиевдин совет убагында чыгарылбай же буталып, кыскартылып келген тарыхый романдары жарыяланды. Ушуларды улай А.Стамовдун “Хан Тейиши”, К.Кушубековдун “Улуу тоого чыккан барбысы?”, А.Рыскуловдун “Атакенин Акболоту”, Э.Турсуновдун “Ата-Журту”, “Боронбайы”, К.Иманалиевдин “Шабдан баатыры”, “Тагай бийи”, М.Абакировдун “Көкөй кестиси”, “Барымтасы”, А.Муратовдун үч тарыхый-даректүү романы, П.Дүйшөнбаевдин “Жармазардагы акыркы кечи” чыкты. Тарыхый жана көркөмдүк жактан кеткен кай бир кемчиликтерине карабастан булар жалпысынан оң бааланып, атайын изилдөөгө алынышы зарыл деп ойлойм. Мен алардын баары менен тааныштым, мүмкүн болушунча өзүнчө талдап чыктым.
Ушундай баага жана талдоого кыргыз интеллигенциясынын улуу жана көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өмүр таржымалын үй-бүлөсү, жакын санаалаштары, коом, эл, мамлекет менен эриш-аркак көсөтүшкөн көлөмдүү, чоң романдардын дагы бир тобу муктаж. Алар Элүүбай Отунчу уулунун “Жеңижок” үчилтиги (2015. – 1000 бет, 62,5 басма табак), К.Сактановдун “Маркумдар үнү” (2019. – 656 бет, 41 басма табак), С.Станалиевдин “Чагылгандын көз жашы. Касым Тыныстанов” (2025. – 568 бет), “Жылдын эң узак күнү” (Ж.Бөкөнбаев жөнүндө. 2007. – 362 бет), “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” (2018. – 752 бет). Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алманы” да ушул топко кошулууга тарыхый жактан да, баш каарманы аркылуу да татыйт.
Мен саналган тарыхый жана өнөр адамдарынын турмушун көрсөткөн өмүр баян романдарына атайлап токтолууга (ар бири эле 300 – 400дөн 1000 бетке чейин болуп жатпайбы) азыр чолом жок. Аманчылык болсо аларга сааты келгенде кайрылып калармын.
Бирок азыр “тарыхый роман” деп аталгандардын башка бир тобуна сөзсүз көңүл буруу абзел болуп турат. Кеп адегенде Тойчубек Субанбековдун “Ак өргөөгө кут түшкөндө” (2011. – 420 бет), “Мамык кандын ажайып түшү” (2016. – 280 бет), “Жер оогондо” (2022. – 280 бет) деген “роман-тымсалдары” жөнүндө болсун. Анткени,Т.Субанбеков экөөбүз жашташпыз, университетте бир мезгилде окуганбыз. Саламыбыз түз, учурашып калабыз. Ошондой күндөрдүн биринде “Мамык кандын ажайып түшүн” жакшы тилектерин билдирип жазып берген. Берки эки китебин “Нускадан” алгам.
Ырасын айтсам, мен “роман-тымсал” дегенди мурда эшиткен эмесмин. Тамсилди го билебиз, а тымсал дегени эмне? К.К.Юдахиндин сөздүгүндө да жок. Балким, аңыз кеп, икаябы (притча, миф)? Мазмунуна үңүлсөк, “Ак өргөөгө кут түшкөндө” байыркы кыргыз каганатынан (IX – X кылымдар) XVII – XVIII кылымдардагы Ишей хандын эр жүрөк уулу Эрденекке чейинки окуяларды камтыйт; “Мамык хандын ажайып түшүндө” б.з.ч. 160-жылы Ысык-Көлдө алтын такта олтуруп, таажы кийген Күнбосун ажодон тарта Манас, Бакай, Кошой, Барсбек баштаган ондогон, жүздөгөн каармандардын аты аталат, кеби сүйлөнөт; “Жер оогондо” XII – XIII кылымдарга жетелейт. Кыскасы, үчөө тең байыркы тарыхка барып такалат. Автордун тили, табиятты, жан-жаныбарларды сүрөттөөсү жайында. Бирок өтө өкүнүчтүүсү – роман деп айтарлык белги-сапаттар: каармандардын ички жана тышкы келбетин, тилдик өзгөчөлүктөрүн, башкалар менен кыймыл-аракетин, маектерин, кырдаал-шартка жараша ыңгайлашын, сюжеттик бурулуштарды көрсөтүү жокко эсе. Алардын ордуна карандай санактар, жорго сөздөр, кургак баяндар, фольклордук эпитеттер жана кайталоолор үстөмдүк кылат. Текст көбүнчө туташ, узун, тажатма. Комозициялык ыкмалар, кыймыл, жандуулук (динамика) жетишпейт. Көңүл үчүн, аргасыздыктан гана аягына чейин окууга туура келет. 3 “роман-тымсалга” караганда журналист достору Төлөнбай Абдыразаков менен Адылжан Жажановго арнаган “Көөдүлдүн кыркалекей теректери” деген баяны – алгачкы чыгармасы (1977 – 1980-жылдары жазылган) алда канча драмалуу жана кызык, жагымдуу экен. Демек, ар бир чыгарманын жанрдык табиятын, идеялык-эстетикалык талаптарын так билүү жана сактоо зарыл окшобойбу.
Бул адабий билими, өзгөчө камылгасы, чыгармачылык тажрыйбасы бар жазуучуга айтылчу сөз. Ошондой чоркоктук (кургак баян, карандай логикага салуу, кыялдануунун жана образдуулуктун жоктугу) Курманалы Сапарбаевдин “Битик. Баш тамга” (2025. – 250 бет) деп аталган “романынан” апачык байкалат. Мында “турду, барды, келди, отурду” деген сыяктуу келегей сөздөр баштан аяк толтура. Монолог, диалогдор жок. Дурус жагы – автордо кантсе да тарыхый-этнографиялык билим, аскер өнөрү, согуш тактикасы тууралуу түшүнүктөр бардыгы. Ошондуктан кыргыздардын байыркы Энесайдагы турмушу жандуу – элестүү болбосо да жалпы түшүнүк калтырат. К.Сапарбаев атактуу тарыхчы Л.Гумилевдун жана белгилүү тилчи Г.Жаманкулованын “Байыркы кыргыз тили”, “Кыргыздардын жана кыргыз жазуусунун тарыхы” аттуу илимий китептерине таянып ушул чыгармасын жана да башка эки романын жазыптыр. Алар азырынча көзгө уруна элек. Бирок “Битикке” кирген “Тукум курутка айланган узун куугун” баянынын стили мурункусундай эле кургак, жадатма болсо да курч окуялуу жана кайгылуу, согуш эпизоддору ынанымдуу. Ушундан улам автор Т.Субанбеков сыяктанып романга караганда атка жеңил, тайга чак жанрга – баянга (повестке) жакынбы деген ой келет.
Эгер Т.Субанбеков кесипкөй журналист жана жазуучу болсо, К.Сапарбаев китеп чыгаруу өндүрүшүндө эмгектенип келсе (убагында чогуу иштегенбиз), эгемендик мезгилде тыштан кирип келип эле “роман” чыгаргандар пайда болду. Ч.Айтматовдой же Ө.Даникеевдей жазышса кеп жок эле. Бирок андай болбой жатпайбы. Маселен, мен такыр тааныбаган, өмүр баянында жазгандай, соода окуу жайларын бүтүрүп, соода тармактарында иштеп келген Бектенова Бүбүайранын (1956) “Байтик баатыр” (2019) аттуу тарыхый-даректүү баянын сатып алып окуп, ыраазы болгом. Анан эле бул китеп эч бир өзгөрбөстөн ошол эле аталышта “тарыхый роман” деп (2022) кайра басылды. Экөөнү салыштырып көрдүм: мазмуну да, көлөмү да бипбирдей. Эч бир айырмасы, алымча-кошумчасы, романдык белгилери жок: баштан аяк санжыра, кургак баян, көркөм сүрөттөөлөрсүз, монолог, диалогсуз, сюжет, композициясыз. Көп өтпөй Б.Бектенованын “Элчинин кылычы: Түлөберди элчи” (2024) деген жаңы “тарыхый романы” басылып чыкты. Ал “Байтик баатырга” салыштырмалуу дурусураак экен. Анда XVIII кылымдагы кыргыз – казак алакалары, өз ара чабыштары, 19 жаштагы Түлөбрдинин Аблай ханга үч ирет элчиликке барышы, эки элдин ортосундагы жер-суу, чек ара маселелерин жөнгө салуу, таасирдүү хандардын жана бийлердин образдары, өз ара мамилелери бир кыйла ишенимдүү көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде кургак маалыматтар, кайталоолор, этнографиялык майда-бараттар, апыртуулар, публисицттик көтөрүңкүүлүк көп. Андыктан өзүм жакшы көргөн Болотбек Таштаналиев сыяктанып (“Кыргыз Туусу”, 2024-жылдын 12-ноябры) кынтыксыз чыгарма деп айталбайм. Таң калтырганы – Б.Бектенованын аталган китептеринин аяк жагында берилген маалыматтарга ылайык кыргызча чыккан китептери көп экен, атүгүл орусчага жана башка чет тилдерге которулуптур, өзү түндүк Америка жазуучулар Союзунун мүчөсү (!), бир катар, анын ичинде чет өлкөлөрдүн сыйлык, наамдарын алыптыр. Кут болсун дейли, бирок мунун себептери жөнөкөй, түшүнүктүү: илим сыяктуу бул жерде да баары каражатка барып такалат, эгер доллар төлөсөң – ар кандай сыйлык, наамдарды алууга болот.
Жаңыл Абдылдабек кызынын кыргызча жана орус тилинде бир эле мезгилде жарык көргөн “Шабдан баатыр” (2022. – 446 бет) деген чоң китеби Б.Бектенованын “Байтик баатырына” жазылыш ыкмасы (тарыхый-даректүү), мазмуну, курулушу (түз сызыктуу) жактары боюнча окшош. “Роман” деп аталышы да ошондой (айтмакчы, орусчасында андай жок), бирок романдык ойлоо жана стиль, композиция жана көркөм-образдуу тил жок. Айрыкча көзгө урунганы – орусчадан көчүрүлгөнү, супсак, кургак маалыматтардын жыштыгы, кирди-чыкты каармандардын көптүгү. Бул китептин кыргызчасын жана орусчасын салыштырып жатып 1999-жылы “Шам” басмасы чыгарган “Шабдан баатыр. Доор жана инсан. Документтер жана жана материалдар” деген орус тилиндеги жыйнакты (280 бет) эстедим. Анын жооптуу редактору Жаңыл Абдылдабек кызы – баатырдын чөбүрөсү экенин өкмөттүк кызматтарда иштегенинен билчү элем. Ушул себептүү “Шабдан баатыр” романында башкы каармандын карама-каршылыктуу мүнөзү, кемчиликтери эч айтылбайт. Мунсуз дегеле роман болбосу түшүнүктүү.
*** *** ***
Ошентип, эгемендик мезгилдеги кыргыз адабияты жөнүндөгү учкай сереп иш жүзүндө кыска эмес, узун болду. Мунун башкы себептери – камтылган мезгилдин узундугу (35 – 40 жылча), автрлордун жана чыгармалардын, китептердин көптүгү, ар түрдүүлүгү. Ушул макала-эссени жазып жатып орустун улуу адабий сынчысы В.Г.Белинскийдин “Адабий кыялдануулар” аттуу макаласын, ар бир жылкы адабиятка жасаган серептерин эстедим. Алардын биринде: “…абдан чарчадым, чаалыктым, бирок мындай иш керек эле”, – деген саптарын жадымдан кетирбедим.

