Башкы беткеМаанилүүАшым Жакыпбековдун 90 жылдык мааракеси Таласта башталды

Ашым Жакыпбековдун 90 жылдык мааракеси Таласта башталды

Белгилүү жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековдун 90 жылдык мааракеси Талас облусунда, анын туулуп-өскөн Шекер айылында башталды. Иш-чара улуу калемгердин чыгармачылык мурасын даңазалоо максатында уюштурулуп, мааракенин ачылышы жазуучунун өмүрүнө жана эмгегине арналган көркөм тасма менен коштолду.

Салтанатка облустук жетекчилик, жазуучунун жакындары, замандаштары, ошондой эле Бишкектен келген коноктор катышып, Ашым Жакыпбековдун кыргыз адабиятына кошкон салымы жана өзгөчө таланты тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүштү.

Ашым Жакыпбековтун «Теңири Манас» китеби көпчүлүк окурмандардын купулуна толуп, адабият жаатында мыкты баага татыган. Андан сырткары ал котормочу катары Чыңгыз Айтматовтун бир нече чыгармаларын которгондугу белгилүү.

Жазуучунун маарекесинин алкагында дагы чыгармачылык кечелер, адабий жолугушуулар жана эскерүү иш-чаралары өтөөрү каралууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар