Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйбек мырза, аллея кана?

Айбек мырза, аллея кана?

Бишкектин түштүк-батышынан орун алган Арча-Бешик конушу территориясы же анда жашаган калктын саны боюнча алабызбы, Нарын, Талас шаарларынан чоңдук кылса кылат, асти аз эмес.

Бирок, болжол менен 50-60 миң түтүн эл (100-150 миң киши) жашаган конуш социалдык инфратүзүм жагынан алганда, борбордогу башка конуштардан артта калган.

Аталган конуштун түптөлгөнүнө 33 жылга чукул убакыт болсо да, жолдор кийинки жылдары гана асфальттала баштады. Бала бакчалар да акыркы үч жылда курулуп жатат.

Албетте, бул үчүн арчабешиктиктер азыркы бийликке ыраазы. Бирок шаардык мэрияга
эмес.

Эмне үчүн?

Арча-Бешикте түндүктөн түштүккө карата, Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк Магистраль көчөсүнө чейин созулган Чортеков көчөсү бар. Ошол көчөнүн батыш ыптасындагы тилке Арча-Бешик конушу түшкөнү аңгырап, куурай басып бош жатат. Бир жылдары бул жерлер мыйзамсыз сатылып кетиптир, азыр мэрия ал жерлерди саткандар жана сатып алгандар менен соттошуп жатыптыр, ошол сот аяктагандан кийин бул узун тилке баштан аяк парк болот экен деген сөз тараган. Ошол имиштерден бери эле чапчаң 10-15 жыл өттү.

Чубактын кунундай бул кандай эле бүтпөгөн сот такыр түшүнбөй койдук. Кеп сотто да эмес, мэриянын өзүндө экени анык.

Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет деп коет. Эгер мэрия ошол тилкени өзүнө алып, парк кылгысы келсе капкачан алып коймок.

Мэрияда ал жерлерди шаарга кайтарууга кызыктар болбогон адамдар барбы, айтор таңбыз. Анысынан да, былтыр күздө биз сөз кылган тилкеде, Түштүк Магистралдан ылдый карата аллеянын курулушу башталып, Шербет көчөсүнө жетип токтоп калган. Мына быйыл жай аяктап баратат. А аллеянын курулушу ошону менен токтоп турат.

Аллея деп коебуз, ал аты гана. Баш-аягы 50-60 аттам жерди кантип аллея атоого болсун. Андан кызыгы, жепирейтип орноткон түнкү чырагы эптеп эле бүлбүлдөйт.

Мына ушул аллеяны курууга канча каражат кеткенин тактай алган жокпуз. Бирок, кайсы бир эрендер бул жерге аллея салабыз деп, миллиондорду шыпырып кеткенби деп калдык. Болбосо эчак курулат эле да. Буга мэрия жооп берип калгысы
бардыр.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар